Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Орусия АКШ сенатынын Ирак боюнча чечимине нааразы экенин билдирди


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов Бээжинде жасаган билдирүүсүндө: “Иракты калыбына келтирүү Улуттар Уюмунун вазыйпасы болууга тийиш”, - деп билдирди. Кечээ АКШнын конгресси Иракты калыбына келтирүү боюнча АКШ каржылап жаткан программага Франция, Германия, Орусия жана Сирияны катыштырбоону чечкен. Конгресс АКШ өкмөтүнүн Ирактагы согуш менен антитеррордук өнөктүктү каржылоого 80 миллиард доллар бөлүп берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Аталган 80 миллиард доллардын кеминде 60 миллиарды Ирактагы согушка, 8 миллиарды АКШнын Ирактагы согушун колдогон өлкөлөргө жардам катары ажыратылат.

XS
SM
MD
LG