Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

Иракты азык-түлүк менен камсыздоо


Бириккен Улуттар Уюму Иракты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн зарыл каражаттын 20 пайызын топтоду. Өткөн жумада Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасы эл аралык коомчулукка кайрылып, Иракты азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн 1 миллиард 300 миллион доллар сураган болчу. Римде жайгашкан агенттик АКШдан 260 миллион доллар, андан чакан суммадагы кошумчалар Германия, Канада менен Испаниядан алынгандыгын билдирет. Ал эми Австралиядан 100 миң тонна ун алынган. Агенттиктин башчысы Жеймс Моррис Дүйнөлүк Азык-Түлүк Программасы эч качан мынчалык чоң өлчөмдөгү кошумчаны дүйнө коомчулугунан сурап көрбөгөнүн белгилеп, топтолгон сумма керектүү каражаттарды чогултуу үчүн "жакшы башат болуп бере тургандыгын" айтат. Агенттик Иракты келерки алты айдын ичинде азык-түлүк менен камсыз кылат. Алгачкы 30 миң тонна азык ирактык качкындарга жардам берүү үчүн Ирак менен чектеш өлкөлөргө жөнөтүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG