Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Талас облусунда калктын электр энергиясы үчүн карызы көйгөйлүү маселеге айланды


ТАЛАС. Талас облусунда айрым учурларда электр энергиясы бир нече күн бою өчүрүлүп жатат. Электр энергиясына акы төлөтүүнүн мындай ыкмасы күн жылыган убактан бери башталды. "Түндүкэлектр» акционердик коомунун облустук бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, «карызы көптөрдүкүн жекече өчүргүлө» деген элдин талабын аткарууга техникалык мүмкүнчүлүктөр жок. Абалдан айылдыктар эптеп чыгып жатышат, ал эми Талас шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн тургундары балкондоруна тамак бышырып жан багышууда. Жагдайды жеңилдетүүгө шаардык мэрия да жардам бере албай жатат. Ал эми Талас облусунун электр энергиясы үчүн карызы март айын кошпогондо 178 млн. сом болсо, мунун ичинен элдин карызы 154 млн. сом. Эң көп карыз шаардыктардын мойнунда. Булар туурасында бүгүн «Түндүкэлектр» акционердик коомунун Таластагы бөлүмүндөгүлөр айтышты.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG