Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:00

Бишкек-Кашкар автожолунда курман болгондордун ким экенин кытайлык адистер аныктайт


БИШКЕК. Өткөн айда Нарын облусунун аймагында Бишкек-Кашкар багытындагы автобустун ичинде өрттөлгөн 21 кишинин үчөө ким экени аныкталды. Өтө эле катуу күйгөндүктөн, калган маркумдардын ким экени азырынча белгисиз. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Макен Турдугулов маалымдады. Анын айтымында, кырсыкты иликтеш үчүн Кыргызстанга келген кытайлык адистер бүгүн өз мекенине кайтышты. Алар курман болгондордун аты-жөнүн аныкташ үчүн алардын ар биринин денесинин керектүү жерлерин медициналык экспертизадан өткөрүү максатында алып кетишти. Учурда Кыргызстандын бардык тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ кырсыктын ким тарабынан, эмне максатта жасалгандыгын аныктоо максатында иш алып барууда. Каза болгон жарандардын алтоонун сөөгүнөн буга чейин автоматтын огунун изи табылган. 26-марттан 27-мартка караган түнү Нарын облусунун Сарыбулак кыштагына жакын жерде Бишкек-Кашкар багытындагы автобус өрттөлүп, 21 адам мерт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG