Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

ГЕНЕРАЛ КУРМАНБЕК КУБАТБЕКОВ: «БАҢГИЛИК БОЮНЧА АБАЛ ООР»


Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына караганда, баңгизаттар боюнча абал жалпы эле Борбордук Азия аймагында оор бойдон калууда. БУУнун талдоочуларынын эсебинде, баңгилердин саны боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда биринчи орунга чыкты. Ошол эле маалда кылмыштын жолун бөгөө барган сайын кыйын болууда - күч органдары Кыргызстан аркылуу өтүүчү Ооган баңгизаттарынын 1% гана кармашат.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Кыргызстан аркылуу жылына 30-35 тонна баңгизаттар өтөт. Анын болсо 1% гана күч органдары тарабынан кармалат. Мындай маалыматты кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, генерал-майор Курманбек Кубатбеков 3-апрелде өткөн маалымат жыйынында айтты:

- Баңгизаттар боюнча республикадагы кырдаал оор деп айтса болот. Себеби, Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттар Тажикстан, Өзбекстан аркылуу бизге келип, андан Орусияга, Европага жана Америкага кетет. Эл аралык талдоочулардын эсебинде, жыл сайын Кыргызстан аркылуу 30-35 тонна баңгизаттар өтөт экен. Эсептеп көрсөк биз анын 1% жакынын гана кармайт экенбиз.

Белгилеп койо турган нерсе - бул Кыргызстандын күч органдары кылмышка каршы күрөшүүдө мажирөөлүк кылып атат дегендикке жатпайт. Аны цифралар да айтып турат. Алсак, 2002-жылы милиция 2 тонна 906 килограмм баңгизаттарды кармаган. Бул 2001-жылга салыштырганда 16 килограммга көп. Курманбек Кубатбековдун айтканына караганда, өткөн жылы 271 килограммдан ашуун героин кармалды.

- Героинди ташуу оңой, ал эми кирешеси башка баңгизаттарга караганда 10 эсе көп болот экен. Ошол себептен чабагандар, баңги мафиялары героинди соодалап, ташууну күчөтүштү, - дейт Курманбек Кубатбеков.

Маалымат үчүн: 2002-жылы мурдагы жылга салыштырганда күч органдары дээрлик 100 килограммга көп героин кармашкан.

3-апрелде өткөн маалымат жыйынында Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга көзөмөл боюнча эл аралык комитетинин жыл сайын жарыялануучу отчету тааныштырылды. Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын улуттук жетектөөчү өкүлү Бактияр Мамбетовдун айтымында, 2002-жылы дүйнө жүзүндө наркы 400 миллион долларлык баңгизаттар өндүрүлгөн. БУУнун талдоочуларынын эсебинде, кокаинди сатып алууга эле АКШда жана Европада 32 миллиард доллар сарпталат экен. «Баңгизаттардан түшкөн пайданын 1% гана аны өндүрүүчүлөр алат, калган 99 % таза киреше эл аралык мафиянын чөнтөгүндө калат» деп айтылат отчетто.

- Отчетто баңгизаттардын кесепетинен бир катар мамлекеттердин экономикасы өнүгө албай жатканы айтылат. «Башка бир өлкөлөрдүн туруктуулугуна доо кетти, буга Ооганстан айкын мисал. Баңгизаттарды соодалаган мафиялык топтор айрым мамлекеттерде жогорку бийлик чөйрөсүнө чейин таасир этүүдө. Башка бир катар өлкөлөрдө болсо терроризмдин, уюшкан кылмыштуулуктун булагы бойдон калууда» деп айтылат отчетто, - деди Бактияр Мамбетов.

Баңгизаттарга көзөмөл боюнча эл аралык комитеттин отчетунда Борбордук Азия өлкөлөрүндө 2002-жылдагы абал оор бойдон калганы белгиленген. Хамид Карзай башында турган жаңы бийлик 2002-жылдын январында апийим айдоого тыйуу салып, 2002-жылдын апрелинде бардык баңгизаттарды жоюу жөнүндө жарлык чыгарганына карабай, бул боюнча кырдаал талибдердин учурунан да начарлап кеткен.

- Биздин маалыматтар боюнча, өткөн жылы Ооганстанда 3400 тонна апийим өндүрүлдү, анын 340 тоннасы героин. Иран жана Пакистан аркылуу өткөн баңгизаттардын саны өстү. Албетте Борбордук Азия өлкөлөрү да «көпүрө» милдетин аткарууда. Орусиянын күч органдарынын эсебинде, жыл сайын Борбордук Азия жана Казакстан аркылуу Орусияга 100 тоннадай героин жетип турат экен, – деди Бактияр Мамбетов.

«Эл аралык мафиянын колунда оңбогондой көп акча бар, ошондуктан алар алдыңкы технологияларды өтө ыкчамдык менен пайдаланышууда» дейт Курманбек Кубатбеков. «Күрөштү күчөтүүдө кыргызстандык күч органдарына БУУ баштаган эл аралык уюмдар олуттуу көмөк көрсөтүп келатат» деп айтылды маалымат жыйынында. Алсак, АКШ өкмөтү Кыргызстанга бул максатта 1 миллион доллар бөлүүдө. Ал эми Европанын алдыңкы өлкөлөрү жана ЕККУ Борбордук Азия мамлекеттерине 10 миллион евро өлчөмүндө жардам берүү ниетин билдирген. Ошентсе да, Курманбек Кубатбековдун айтымында, жылдын биринчи жарымында түзүлөт деп болжолдонуп аткан Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттикке болгон үмүт чоң. Аны уюштурууга президент Аскар Акаев макулдугун берди. «Агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун каражатына кармалат» деди генерал-майор.

БУУнун эсебинде, баңгилердин саны боюнча Кыргызстан Борбордук Азияда алдыңкы орунга чыкты. Өлкөдө ар бир 100 миң жаранга 1644 баңги туура келет.

- Бизде расмий түрдө 5600 баңги катталган, - дейт Курманбек Кубатбеков. - Бирок БУУнун адистери көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, баңгилердин саны Кыргызстанда чындыгында андан 10-15 эсе көп деген жыйынтыкка келишкен.

Ал эми каттоодогу ВИЧ-СПИД оорусуна чалдыккан 407 адамдын 85-90% - баңгичилер жана алар дартты ийне аркылуу жугузуп алышкан.
XS
SM
MD
LG