Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

ӨЗ АРА ТҮШҮНБӨСТҮК - УЛУТ АРАЛЫК КАРАМА-КАРШЫЛЫКТЫН БАШАТЫ


4-апрелде «Кыргызстан–Сорос» фонду өлкөдөгү улут аралык мамилени талкуулаган «Тегерек стол» жыйынын өткөрдү.

Жыйын «Этникалык чөйрөнү өнүктүрүү жана анда эл аралык уюмдардын ролу менен орду» деген темада болуп, улуттар арасында карама-каршылыктарды пайда кылган көйгөйлөрдү аныктоо максатын көздөдү. Ага Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын, чет өлкө элчиликтеринин, бейөкмөт уюмдардын, президенттик администрациянын өкүлдөрү, 15 улуттук-маданий борбордун жетекчилери, окумуштуулар жана депутаттар катышты. Алар улут аралык мамиле Кыргызстанда, айрыкча, түштүк тарапта ири проблема деген бүтүмгө келишти. Бул көйгөйдү жеринде териштирип жүргөн бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн айтымында, буга эң ириде жакырчылык, маалыматсыздык, укуктук сабатсыздык жана ыкшоолук башкы себеп. Азыр чет өлкөлүк 30дан ашуун ар кандай уюмдар бул проблеманы чечүүгө аракет кылып, ар кимиси өз вазийпасына жараша көмөк көрсөтүүдө. Бирок алар жалпы проблеманы эмес, жергиликтүү, чөлкөмдүк же бир топтун гана проблемасын утурумдук чечүүдө. Ал тууралуу Кыргызстандагы украиндердин «Берегиня» аттуу кеңешинин төрагасы Владимир Нарозя:

- Эгер долбоорлордун бардыгы жеке проблемаларды чечүүгө гана багыттала турган болсо, биз алдыга коюп жаткан максатыбызга эч качан жете албайбыз, - деген оюн айтты.

Ошондуктан жыйында «эл аралык уюмдар кыргыздар жана өлкөдөгү саны аз улуттун өкүлдөрү менен өнөктөштүк негизде иштешүүсү зарыл, аларга бул багытта көмөк көрсөтүш керек» деген сунуш айтылды. Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Иса Токоевдун пикири боюнча буга долбоор жазууну билбегендик башкы себеп:

- Улуттук маданий борборлордун проблемасы абдан көп. Ошол проблемаларды чечиш үчүн алар долбоорлорго катышалы дешет, бирок, кантип жазып, кантип ишке ашырышты билишпейт. Албетте, бир күндө программа, долбоор жазганга көнгөн шылуундар бар. Алар бир күндө жазып барып эртеси грантын алат. Бирок алардын натыйжасы аз сандагы улуттардын өзүнө жеткен жери жок. Илимий, практикалык жагы шайкеш келген долбоорлорду түзүп, анан аларды ишке ашырсак элге, улуттар ортосундагы мамилени жөнгө салганга жакшы жардам болот эле.

Ал эми Кыргызстандын түштүгүндөгү проблемаларды иликтеп жүргөн «Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун төрайымы Рая Кадырова улуттар арасындагы карама-каршылыкты жоюш үчүн маалымдуулукту жогорулатуу зарыл деген ойдо. Анын айтымында бул кемтик, айрыкча коңшу мамлекеттер менен чектеш аймакта жашаган улут өкүлдөрүнүн арасында күч:

- Чек ара аймактарындагы элдин жадагалса чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери тууралуу маалыматы жок.

Рая Кадырованын ою боюнча чек ара, бажы органдары жана алардын иштөө тартиби, талаш жерлер, ушундай маселелерди чечүүгө аракет кылып жаткан комиссиялардын иши тууралуу маалымат жоктугунан улам чек арада жашаган элде ич күптү сезим күчөп, маселени өз алдынча күч менен чечүүгө чейин барган учурлар жок эмес.

Конрад Аденауэр атындагы фонддун координатору Мира Карыбаеванын айтымында, ушундан улам азыр БУУнун Аз улуттар боюнча башкы комиссарлыгы «Аз улуттардын мамилесин башкаруу» деген программанын алкагында чек ара, бажы жана милиция кызматкерлеринде адам укугун урматтоо сезимин күчөтүүгө багытталган машыгуу сабактарын өткөрө баштады.

- Анткени кээ бир учурда ушул бажы, чек ара жана милиция кызматкерлери маселенин өтө опурталдуу экендигине маани беришпейби же билбегендиктенби, айтор чыр-чатактардын чыгышына түрткү болгон учурлар көп, - дейт Мира Карыбаева.

«Тегерек стол» жыйынын катышуучулары, улут аралык мамиле - ырааттуу, тынымсыз жана илимий негиздеги аракетти талап кылган стратегиялык иш деген бүтүмгө келишти. Талкууну уюштурган «Сорос-Кыргызстан» фонду бул багыттагы «Этникалык азчылыктар» аттуу программанын мындан ары кайтарымдуу болушу үчүн ар бир улуттун өкүлүн өнөктөш кылаарын, мурдагыдай долбоорго саны аз улут өкүлдөрүн гана тартпай, кыргыз элинин жана бийликтин өкүлдөрүн да тартаарын билдирип, грант алууга ачык конкурс жарыялады.
XS
SM
MD
LG