Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

БИШКЕК ШААРДЫК ДЕНЕ ТАРБИЯ ҮЙҮ


Бишкек шаардык Дене тарбия Үйүнүн имараты 1936-жылы курулса да капиталдык ремонт болгон эмес. Бул үйдө спорттун 10 түрү боюнча 2 миңден ашуун балдар машыгат. Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан спорт чеберлери, дүйнө чемпиондору Ануар Ибраев, Жанбулат Амантаев, Малик Борбашев, Мирбек Сүйүнбаев, Руслан Абазов, Канат Сыдыгалиев, олимпиадачылар Нурбек Касенов, Таалай Кыдыралиев, Алмаз Райымкулов жана башкалар ушул Дене тарбия Үйүндө таалим-тарбия алышкан. Имараттын жарымында жайгашкан Биринчи Май райондук соту Дене тарбия Үйүн биротоло менчиктеп алууга аракет кылууда.

Бишкек шаарынын ортосунда мурдагы Совет, азыркы Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн жээгинде жайгашкан шаардык спорт үйү 1936-жылы курулган. Алгач өрт өчүрүүчүлөрдүн мекемеси, кийин медициналык институттун жатаканасы болгон. 1976-жылы Бишкек шаардык спорт комитетине берилип, Дене тарбия Үйүнө айланган. Спорт коомчулугунун жардамы менен мурдагы жатаканалар спорт залдары болуп кайра курулуп, адистешкен. Отуз жылга чукул мезгилден бери жүздөгөн улан-кыздар чоң спорттун эшигин ачып, чебердиги өскөн. Кийин ал борбордогу ден соолуктун ордосуна айланды. Бул спорт үйү чарбалык эсепте өзүн-өзү каржылап келатат. Спорт үйүндөгү 8 залда 2 миңдей улан-кыздар спорттун 10 түрү боюнча машыгат.

Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан «Гермес-профи» спорт клубу да азыр ушул жерде жайгашкан. Кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондору Ануар Ибраев, Жанбулат Амантаев, Малик Борбашев, Мирбек Сүйүнбаев, Руслан Абазов, Канат Сыдыгалиев жана башкалар ушул Дене тарбия Үйүндө таалим–тарбия алышкан. Кыргызстандын намысын Олимпиадалык оюндарда коргогон бокс чеберлери Нурбек Касенов, Таалай Кыдыралиев, Алмаз Райымкулов бокс сырларын ушул жерден үйрөнүшкөн. Азыр да жаштарга 4 машыктыруучу бокс боюнча машыгууларды өткөрүүдө.

Кыргызстанда бир эле учурда 100 киши шахмат мелдешине катыша ала турган зал ушул Дене тарбия Үйүндө гана бар. Шахмат, шашке, тогуз коргоол боюнча да Кыргызстандын биринчиликтери, эл аралык мелдештер өткөрүлүп турат. СССРдин чемпиону Светлана Матвеева, Европа чемпиону Эрнесто Инаркиев, Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү Жаңыл Тиленбаева менен Төлөгөн уулу Семетей жана башкалар шахмат дүйнөсүнүн эшигин ушул жерден ачышкан.

Мына ушул имараттын курулганына 67 жыл болсо да капиталдык ремонттон өтө элек. Жылуулук, электр түйүндөрү эскирип бүттү. Бул имараттын жарымында Биринчи Май райондук соту жайгашкан. Түндүк тарабында сот болуп, өкүрүк-бакырык болуп атса, түштүк тарабында балдар спорт секцияларына катышып аткан учурлар болот. Жаш балдарды кылмышкерлер барымтага алышып, сот процесстерин токтотууну талап кылышы ыктымал. Бул жөнүндө ушул Бишкек шаардык Дене тарбия Үйүнүн директору Мухит Кайбылдаев мындай деди:

- Бул имарат толук бизге таандык болчу. Биринчи Май райондук соту жарымын ижарага алып, акырындык менен кожоюн болуп, Дене тарбия Үйүн толук ээлеп алууга аракет кылууда. Сот менен спорттун жанаша жайгашканы коошпой тургансыйт. Себеби 4-5 жолу кылмышкерлер качып, милиция кызматкерлери тапанча менен аткан учурлары болгон. Иттер менен да кубалаган мезгилдер болот. Ошондой учурларда кылмышкерлер балдарды барымтага албайт деп ким кепил боло алат? Былтыр ушул жерден ажал тапкан кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Али Порсуковду башка бирөөлөргө окшоштуруп жаңылыш атып кеткен деген божомолдор да айтылып жүрөт. Эгерде сотко башка имарат берилсе анда Дене тарбия Үйүнө дагы 4 зал кошулат эле. Бишкектеги жалгыз Дене тарбия Үйүнүн башы ачылбай, талаш маселеси чечилбей турат.

Бишкек шаардык Дене тарбия Үйүндө борбор калаанын спорт комитети да жайгашкан. 2 миңден ашуун жаш спортчулар, 30 машыктыруучу көчөдө калуу коркунучу алдында турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG