Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

«Талантка таамай сын берер, тараза болот биздин эл» дегендей, акыркы сегиз жылдан бери кумдай куюлушкан ырлары менен калктын оозуна алынып, сынынан өтүп, сый-сыпатына бөлөнө баштаган жаш төкмө акындардын бири – Жеңишбек Токтобеков.

Жеңишбек 1977-жылдын 9-майында Теңиртоонун койнундагы Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында туулат. Ал мектеп босогосун аттагандан өздүк-көркөм чыгармачылыктын ыр ийримдерине жандуу катышат. Ыр жазат, аспаптын коштоосуз төкмөлөп ырдайт. Райондук, облустук, республикалык төкмө акындардын сынактарына катышат.

Ал чыгармачылыктын алгачкы эмгек жолун Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында актер болуп иштөөдөн баштайт. Ар кандай мүнөздөгү чакан ролдорду аткарат. Ал театрда 1992-жылдан 1997-жылга чейин иштейт. Сахнанын сырларынан жалпы маалыматтарды алат. Бирок Жеңишбек профессионал актер болуш үчүн билим алуу абадай керектигине түшүнөт. Ойлогон оюн аткарыш үчүн ал 1997-жылдан 2001-жылга чейин Москвадагы М.Щепкин атындагы театралдык жогорку окуу жайында окуйт. Балапан кезинен көксөгөн окуусун бүтөөр замат өкмөттүн чечими менен Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясынын алдына жаңыдан уюшулган «Учур» аттуу телетеатрына актерлук кызматка кабыл алынат. Кыска убакыттын ичинде жаш актер Ж.Мольердин «Дон Жуанынан» Сганарелдин, В.Афониндин «Бир көрүп биротоло сүйүбүнөн» Азаматтын атасынын, Б.Брехттин «Трехгрошевая операсынан» Пичемдин, Ж.Сыдыковдун «Акмөөрүнөн» Жантайдын ролдорун аткарат. Буларды актер көрүүчүлөрдүн купулуна толгондой деңгээлде аткарууга аракеттенет.

Жаш шайыр актерлук менен төкмө акындыкты чыгармачылыгында айкалыштыра өнүктүрөт. Ал 1993-жылдан республикада өткөн ак таңдай акындардын эл аралык сынактарына, фестивалдарына такай катышып келет. Ал «Ак таңдай», Барпы Алыкуловдун туулган күнүнөн 110 жылдыгына, «Ош-3000» мааракесине арналган республикалык, эл аралык айтыштарда биринчи, «Манас-1000», «Талас таңшыйт 2001» иш-чараларында экинчи орунду жеңип алат. Ал эми Алымкул Үсөнбаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган «Алымкул-100», «Ысыккөл-98», «Талас таңшыйт 2002», Бишкекте өткөн төкмө акындардын эл аралык биринчи фестивалында «Жигули» маркасындагы автоунаа баштаган баш байгелерди жеңип, лауреаттарынан болот. Жеңишбек жаш акындардан ырларынын көркөмдүүлүгү, куйкумдуулугу, чукугандай сөз тапкычтыгы, ташка тамга баскандай так, таасын, буйдалбай, шатырата төгүп ырдаганы менен айрымаланат. Ал айтышка түшкөн өнөктөшүнүн (атаандашынын) талуу жеринен кармап буйтактабай, жалтанбай ырдоого чакырып, ачуу-таттуу ыр саптарын аралаштыра курч ырдайт. Аны тезинен чалак чапкандай кепке жыгып, сөзгө сөлтүк кылууга аракеттенет.

- Жеңишбек мырза, төкмө акындык менен актерлук чыгармачылык бири-бирин толуктап турабы?

- Мен 16 жашымда Нарын театрына артист болуп кирдим. Мектепте жүргөндө эле төкмөлөп ырдап жүрдүм. Актерлук кесипти өтө сүйөм. Ошондуктан Москвада окудум. Билим алдым. Көп нерсени билип, көзүм ачылды. Акын деген аалам болуш керек. Мен Москвадан көптөгөн акындардын чыгармаларын окудум. Ал төкмө акынга эч кандай зыяны жок. Бирде спектаклде ойносом, бирде акындар менен айтышсам, ойгонбогон сезимдерди ойготот. Акындык менен актерлук бири-бирине канат болуп турат.

- Айрым жаш акындар эл алдына айтышка чыкканда апкаарып өзүн жоготуп коймой адаттарын көрүп жүрөбүз. Сизде андай өнөкөт жокбу?

- Биринчиден, айтышка чыкканда казакпы, кыргызбы - эч кимисинен коркпойм. Кандай суроо келет деп деле ойлонбойм. Анткени чыныгы акын деген кандай гана суроо келбесин дайым даяр болуш керек. Экинчиден бала чагымдан комузу жок ырдап жүрдүм. Ал чыгармачылыгыма өтө чоң таасир калтырды. Айрыкча сөздөрдү куюлуштура ырдашыма, ой топтогонго, ылдам айтышыма көп көмөк берди. Мен кыйынмын деп мактанбайм, Кудайдын колундабыз. Менден да мыкты акындар чыгат деп ойлойм. Канчалык жакшы акындар менен айтышсам, ошончолук ырахат алам.

Жеңишбек акындар менен алым сабакташып айтышуу менен бирге «акын көргөнүн ырдайт» дегендей коомдогу, айлана-чөйрөдөгү терс көрүнүштөрдү да сындап ырдайт. Ал «Акмөөр» дастанынын башкы каармандары Жантай, Акмөөр, Болоттун окуяларын кайрадан иштеп чыкты. Алар эми өткөн замандын эмес, бүгүнкү күндүн каармандарына айланды. Акындын аткаруусунда калктын алкоосуна алынды.
XS
SM
MD
LG