Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Вашингтондо согуштан кийинки Ирактагы кайра куруу иштерине ким жетекчилик кылат деген маселе талкууланды


Ишембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен Европа Биримдигинин тышкы саясаты боюнча башчысы Хавьер Солананын жолугушуусу ушул маселеге арналды. Кездешүүнүн соңунда Пауэлл эки тарап тең – Иракта Бириккен улуттар уюму белгилүү роль ойношу керек деп эсептээрин белгиледи. "Биз – Улуттар уюму Иракта кандай роль аткарышы керек деген суроонун тегерегиндеги сүйлөшүүлөрдүн баштапкы баскычындабыз. Бириккен Улуттар бардык маселелерде өнөктөш болоору шексиз. Буга эч ким каршы чыккан жери жок", - деди АКШнын Мамлекеттик катчысы. Европа лидерлери согуштан кийин Иракты калыбына келтирүүдө Бириккен Улуттар Уюму башкы ролду ойношу керек деген пикирин айтышкан.

XS
SM
MD
LG