Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Багдадда түнү бою оор куралдардан атылган октордун үндөрү, бомба жана ракета жардыруулары жаңырып турду


Америкалык командачылык коалициялык күчтөр Багдаддын түштүк жана батыш ыпталарын көзөмөлдөп, эл аралык аэропортту колго алганын билдирди. Маалымат агенттиктери Багдаддан миңдеген кишилер агылып кетип жатканын кабарлап жатышат. Эл аралык аэропорт тарапта катуу жардыруу болуп, түндүктөгү Мосул калаасынын тегереги бомбаланды. Мурдараак Ирактын маалымат министри Саид ас-Сахаф ирак армиясы аэропорттогу коалиция аскерлерине "адаттан тышкаркы" чабуул коерун эскерткен эле. Жума күнү Ирактын мамлекеттик телеканалы президент Саддам Хусейндин элди душманга каршы айоосуз күрөшүүгө үндөгөн кайрылуусун көргөздү. "Аларды Аллага болгон ишенимдин күчү менен көргөн жерден айоосуз жазалагыла. Байыстуу Багдаддын каарман калкы, душмандын күчүн жок кылгыла", - деп элдин диний ишенимине басым жасады Саддам Хусейн. АКШ баштаган коалициялык күчтөр Ирактагы согушта 88 аскерин жоготконун билдирсе, ирак бийликтери 1200дөн ашуун карапайым ирактыктар мерт болгонун маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG