Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ, СӨЗДҮ СОТТОБОГУЛА, «ААЛАМ» ГЕЗИТИ ОН ЭКИГЕ ЧЫКТЫ


Апта соңундагы кыргыз гезиттеринде коопсуздук кеңеши, гезиттерди миллиондогон сом айыпка жыгуу аракеттери, Ирак согушу комментарийге алынды. Алар менен кененирээк кабарчыбыз Бекташ Шамшиев тааныштырат.

Кошмо штаттардын Иракка каршы урушу өкүмзор бийликте тургандарды жок кылууга багышталганын, мындай иште дүйнө Американы колдоо керектигин белгилүү укук коргоочу Топчубек Тургуналиев билдиргенин жума күнкү «Моя столица» гезити жазып чыкты. «Биздин чөлкөмдөгү диктатуранын эң коркунучтуусу жана опурталы Кыргызстанда, - дейт Т.Тургуналиев.- Бизде гана жылмаңдаган диктатура тынч адамдарды атып салат».

Кыргызстанда чет элдик криминалдык топтор өздөрүн ээн-жайкын сезишери Александр Кимдин «Канга малынган бизнес: уучулук улантылууда» деген макаласында баяндалат. Кочкордун Сарыбулак айылынын жанындагы кандуу окуянын чоо-жайын баяндаган автор момундай бүтүм чыгарган: «Кыргызстан өзүн Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкө деп эсептейт, бул жерде тынч демонстранттарды гана атышпастан, чет элдиктерди да өлтүрүп кетишет. Бул сырткы инвесторлор менен донор өлкөлөр алдында жакшы көрүнгүсү келген өлкө жетекчилигин осол абалга калтырууда.»

«Кыргыз туусу» гезити жума күнкү санында орусиялык гезитке шилтеме берип, КМШ жетекчилери тууралуу маалымдама жарыялады. Анда социализм доорунан бери республиканы жеке башкарып, тизгинди башкага бербей келаткан постсоветтик борборазиялык жетекчилердин катарында Аскар Акаевдин да аты аталган. Акаев азыр үчүнчү мөөнөт президенттик кызматта экендиги, каршылаштарына катуу турганы менен, республиканын экономикалык абалын оңдой албаганы, эгер ал кызматтан кетсе өлкөдө башаламандык башталары айтылган.

А.Акаевдин нысаптуу жетекчилердин улуттук кеңеши жакын арада түзүлүшү күмөндүү экенин жума күнкү «В конце недели» апталыгында президенттик акимчиликтин бөлүм башчысы Болот Жанузаков ачыкка чыгарды. «Бул узак процесс, - дейт Болот Жанузаков.- Нысаптуу жетекчиликке жетиш үчүн миллион кадам ташташ керек. Биз азырынча биринчи гана кадамды таштадык».

Гезиттерди миллиондогон сомдук айыпка жыгып алуу амалында журналисттерди сотко берүү тенденциясы күчөп баратканына Данил Кыштобаев токтолгон. Кайсы бир сөздү кармап, сөздүктү көтөрүп эле соттошкусу келгендер көбөйүүдө. «Бул өлкөдө журналист болуш уяттуу ишке айланып баратат», - деп жазат автор.

«Аалам» элдик эркин гезити 12 жашка чыкты. «Аалам» чыккан күндөн элдин сүйүктүү газетасына айланып, нускасы 86 миңге жетип, кыргызчаны кой, орусча андагы менмин деген газеталар да бучкагыбызга тең келбей турган..,- деп жазат басылманын башкы редактору Чолпонбек Абыкеев. - Азыр… «эртең Швейцария болобуз» дешсе ишенбейм. «Эртең жашоо мындан да начарлайт» десе ишенем. Анткени азыр ошого баратабыз».

Гезиттин жума күнкү санында Арстан Кубаттын «Коррупционерлер коррупцияны жок кылабыз дешти» деген макаласы жарыяланды. «Азыр Кыргызстандагы аба топ коррупционерлердин жытынан, жасаган иштеринен бүкшүп турат, - дейт макала автору.- Карапайым элге барган сайын дем алууга кыйын болуп баратат». Эларалык валюта фондунун айткан-дегенин жасагандан башканы билбеген азыркы кыргыз бийлиги экономиканын жандантуунун жолун табалбай жатканы Үсөн Сыдыковдун «Согушпай туруп талкаланып, жеңилип бердик» деген маегинде айтылат. Сыдыковдун оюнча, 2005-жылы Акаевдин бийликтен кетер-кетпеси белгисиз.

Жума күнкү «Заман Кыргызстан» гезитинде Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин маеги жарыяланды. Кыргыз-өзбек чек ара маселесине токтолгон облус жетекчиси: «Адамдардын саны менен мамлекеттердин чоңу-кичинеси айырмаланбайт, - дейт. – демократиянын деңгээли жана ошол өлкөлөрдөн чыккан жарандардын сапаттуулугу менен өлкөлөрдүн деңгээлине баа берилет».

Кошмо штаттардын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Кифтин жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитиндеги маеги «Ирак жаңжалы сиздин чөлкөм үчүн өтө маанилүү эмес» деген аталышта жарык көргөн. Элчинин айтымында, азыр Кыргызстан калкы үчүн Ирак согушу тууралуу так маалымат алуудан тышкары, ишсиздерге жумуш ордун түзүү, саламаттык сактоо, билим, сот, коопсуздук системасын оңоо, өлкө ичиндеги ырашкердикти сактоо маанилүү. Кыргызстанда жашаган америкалык жаран Уильям Хансендин пикири боюнча, Саддам Хусейндин диктатор экендигинен эч ким шек санабайт, бирок аны кызматтан кетириш үчүн тынч жаткан элге бомба ташташтын кандай кажети бар? «Жаңы кылымда АКШ жаман жөрөлгөнү баштап койду», дейт Уильям Хансен.

Жума күнкү «Бишкек таймс» гезити «кыргыз канткенде көбөйөт?» суроосуна жооп издеген. Ага жооп бергендердин басымдуу көпчүлүгү калктын сапатын көтөрүү сунушун билдиришкен. Журналист Жылдыз Мусабекованын айтымында, «азыр көпчүлүк кыргыздар аял-эркеги дебей ичкиликке берилип кетишти».
XS
SM
MD
LG