Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

КЫРГЫЗСТАНДА КОРРУПЦИЯГА МАССАЛЫК МААЛЫМДОО КАРАЖАТТАРЫ КҮРӨШӨБҮ?


Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин акыркы отурумунда президент Аскар Акаев коррупцияга каршы күрөштө «ар бир маалымат ачык болушун жана коррупцияга каршы коомдук пикир түзүлүшүн» талап кылды. Аны камсыз кылууда массалык маалымат каражаттары башкы курал боло алабы? Бул маселе коомчулук арасында карама-каршы пикирлерди пайда кылды.

Президент Аскар Акаев Кыргызстандын экономикасы эле эмес, улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган «коррупцияга каршы күрөш бир жолу гана жасалган иш болбош керектигин» айтып, ага каршы күрөшкө массалык маалымат каражаттарын тартууга чакырды. Массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн баамында, канча дымак болгон менен анын башкы курал болуусуна мүмкүнчүлүк жок.

«Агым» гезитинин башкы редактору Мелис Эшимканов:

- Идея боюнча массалык маалымат каражаттары төртүнчү бийлик катары эң негизги ролду ойношу керек эле. Бизде болуп жаткан тескери көрүнүштөрдүн баарын ачык, документалдуу түрдө жазып турушу керек. Аны жазып жатышат, бирок, тилекке каршы, мурдагы коммунисттер доорунан айырмаланып, азыркы бийлик ага көңүл бурбай жатат. Көңүл бурбагандыгынын азабын өзү эле тартууда. Анткени, коррупцияга каршы күрөшөлү деп Коопсуздук Кеңеш жыйынынын миң жолу өткөрсө дагы колдорунан эч нерсе келген жери жок. Мунун башкы себеби ушул. Азыр бийликке жакпаган массалык маалымат каражаттарын миллиондогон, жүз миңдеген долларлык айып салып, сот аркылуу баса калып атышат. Коррупциянын жүзүн ачып, алардын чыныгы кылмышын жазыштын өзү азыр абдан кооптуу болуп калды. Анткени, бийликке жакпаган позицияда турган гезитти жаап коюш, салык же башка бир жол аркылуу кыйнап коюш өтө оңой. Ошон үчүн эң ириде президент Аскар Акаев жана өкмөт башчы Николай Танаев коррупцияга жана эркин массалык маалымат каражаттарына карата көз караштарын 180 градуска бурмайынча эч нерсе өзгөрбөйт.

Президент акимчилигинин коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков массалык маалымат каражаттарына жарыяланган материалдар күнөөлүү тарапты жазалоого мындан ары сөзсүз негиз боло алаарын билдирди:

- Массалык маалымат каражаттарында чагылдырылган маселелердин бардыгы өкмөт жана укук коргоо органдары тарабынан катуу текшерилип, иликтенип ар бири боюнча катуу чара көрүлөт.

Болот Жанузаков журналисттер материалды чыныгы фактыларга таянып жазууга милдеттүү деп эсептейт:

- Эң негизгиси «дейт», «экен» деген имиштерге таянып жазуу жаман. Ошондуктан, коррупциялык кылмыш жасаган адамдын күнөөсүн бетине так көрсөтүп, далилдеп берүү керек. Эгерде жөн жеринен күнөө коюла турган болсо ал адам өзүнүн укугу менен намысын мыйзам чегинде коргоп алууга сөзсүз түрдө аракет кылат.

«Агым» гезитин башкы редактору Мелис Эшимканов күрөштөн майнап чыгышы үчүн бийлик басма сөзгө шарт түзүүгө тийиш дейт:

- Антпесе, болбойт. Анткени, бийлик массалык маалымат каражаттарын канчалык жактырбай, жазгандарына чычалабасын ал эң биринчи жардамчысы. Маселен, токойдун ичиндеги курт-кумурскаларды жеген тоңкулдак сыңары санитары –ушул массалык маалымат каражаттары. Муну бийлик билип туруп, билмексендикке салганы гана абдан өкүнүчтүү.

Вице-премьер министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өкмөт басма сөзгө маалымат берип, бирге иштешүүсү зарыл:

- Бул абдан зарыл компонент . Анткени, биз кылмышка жараша жаза алышы керек деп жаткандан кийин эл ал адамдарды билиши керек. Ошон үчүн массалык маалымат каражаттары андай фактыларды элге жеткирүүгө милдеттүү. Биз дагы басма сөз менен иштеп, маалыматтарды өз убагында берип иштешебиз. Эгер андай фактылар болсо басма сөз дагы бизге жардам берүүсү зарыл.

Парламент депутаты Иса Токоев коррупция тууралуу жазылган ар бир материал мамлекетти ак ниет башкаруу кеңешинде каралбаса андан эч майнап чыкпайт, анын үстүнө журналисттерди коргоого алуу тууралуу мыйзам нормалары алсыз деген ойдо:

- Массалык маалымат каражаттарына чыккан материалдардын баары Коопсуздук Кеңешинде же түзүлө турган агенттикте текшерип туруп, жыйынтыгын кайра массалык маалыматына жарыялап туруу керек. Материалдар жарыяланат, бирок, анын акыры эмне менен бүттү, ал эч кимге белгисиз. Кээ бирөө күчүн, таанышын же чоңдугун салып туруп, кайрадан журналисттерди же редакцияны күнөөлөп, сотко берген учурлар көп. Муну менен биз журналисттерди колго чаап, «Сен буга кийлигишпе, сенин ишиң болбосун» дегендей кылып жатабыз. Биз мындай кылбашыбыз керек.

Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев коррупцуяга каршы күрөштө басма сөздүн ролу тууралу жыйын өткөрүү зарыл болуп калгандыгын айтты.
XS
SM
MD
LG