Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

КАДАМЖАЙДА ИШ КАНДАЙ?


Кожогелди Култегин, Ош Өзбекстандын бир нече району менен чектешкен Кадамжай районунун акими Абдурашит Бостонов чек ара маселеси, райондун экономикалык-социалдык абалы тууралуу кеп салып бермекчи.

- Илгери Кадамжай сурма комбинатысыз, Хайдаркан сымап комбинатысыз Кадамжай районун элестетүү мүмкүн эмес эле. Азыр ал ишканалардын акыбалы кандай азыр?

- Союздун убагында дүңгүрөп дүйнөгө таанылган Кадамжай сурма комбинаты, Хайдаркан сымап комбинаттары бүгүнкү күндө араң иштеп атышат. Хайдарканда өзүңүз билесиз, 2002-жылы нөшөрлөгөн жамгырдын селинин кесепетинен авария болду. Ал азыр жалаң ошол авариясын оңдоп, эми-эми иштей баштады. Кадамжай сурма комбинатында жакында премьер-министрибиз келгенде жагдайды жакындан түшүндүрүп көрсөттүк. Өкмөт тарабынан азыр бул маселе боюнча иш жүргүзүлүүдө. Жакында Россияга биздин МЧСтин министри барып, Якутиядан бизге ала турган чийкизатты, концентрат деп коёт экен, ошолорду сүйлөшүп келди.

- Эмне ошол концентраттар келсе иш оңолуп кетчүдөйбү?

- Иш жалаң ошол концентратка байланыштуу. Өндүрүш тармагында эң биринчи проблема бул сатуу. Бүгүнкү күндө бизде сурмага кардарлар көп. Ала тургандар ошол эле Россия, Кытай, кошуна башка мамлекеттер.

- Кадамжай району Өзбекстандын 3 району менен чектешет. Чек араңыздардын такталыш жагдайы кандай?

- Мамлекет аралык чоң комиссия жүрүп атат. Ошо комиссия 10-апрелде жыйынтыгын биздин райондо чыгарат.
- Сиздердин райондо чек ара бекеттери да бир топ.

- Бүргөндү аймагы деп коёбуз. Акчырпыкка чейин 7 посту бар. Дагы бир-эки посттору бар эле, аны биз сүйлөшүү менен кыскарттык. Жакында Өзбекстанда карантин болуп, жаап, бир топ биздин элдерге тынччылык алып келди. Ошол эле жанындагы айылдарга өтүү маселелер өтө курчуду. Бизде да тосо турган жерлер көп экен, алар да ошону түшүнүп атат. Биз деле Сохко ар бир 500 метрден тосконго кудуретибиз жетет. Ошону түшүндүрүп айттык.

- Кадамжай району Баткен, Ош жолунда жайгашкандыктан соңку мезгилдерде наркожол катары да эсептеле баштады. Бул боюнча сизде маалымат бардыр?

- Тажикстан, Өбекстан жактан чыгып атат. Жылдан-жылга өсүш пайда болууда. Өсүш менен бирге ошол баңгизаттарды аял кишилер, жаштар, балдар алып өткөндөрү жүрөк ооруй турган маселе болуп атат. 2001-жылы 37 факты болуп, 55 килограмм банги зат алынган. Ал эми 2002-жылы 40 факты пайда болуп 246 килограмм кармалды. Бул кармалганы, кармалбай өтүп кеткени канча, кайдан билебиз. 2003-жылы 19-мартта Тажикстан атуулу Хажиев Шариф деген 55 килограмм 855 грамм гашиш менен кармалган.

- Абдурашит мырза, сиз Араван районун да жетектеп иштеп келгенсиз. Араван району менен Кадамжай районунун кескин бир айрымасы бар бекен?

- Суу маселеси ал жакта курч, өтө кыйын. Чын-чынына келгенде Фергана суусуна адамдар агып кеткен кырсыктар көп болот экен. Ошону токтотуш үчүн Өзбекстандын Анжиян облусуна, Ташкенге чыгып атып араң 2-3 күндө ошол маселелерди чеччүбүз. Эгер чечилсе. Кадамжай районунун артыкчылыгы биз суунун башында болуп атабыз. Бирок, биз өзбек туугандарга жѳн жерден эле кыйынчылыктарды туудурбаганга аракет кылып атабыз. Биздин район аймагында агып аткан 3 дарыянын 25 пайызга чейинки кѳлѳмүн гана пайдаланып атабыз.

- Бүргөндүдөгү алигиче Өзбекстан иштетип жаткан Кыргызстан чегиндеги мунай, газ бургулары тууралуу эмне пикир айтмакчысыз?
- Жаңы келип иштегенден баштап эле, мен ушул маселеге көңүл буруп, барып көрдүм. Бул маселе биздин райондун компетенциясына кирбейт. Мамлекет аралык мамилелер. Мен билгенден биз мунун ордуна Ош облусуна газ алып атабыз. Бүгүнкү күндө бул туура деп ойлойм. Өзүбүз аны иштетип кете алышыбыз деле кыйын болуп атат. Иштетип кетсек анан алсак болот. Депутаттардын ортосунда көп талашуулар болуп атпайбы. Менчиктештирүү деп көп нерсени ээлеп алып, ал азыр ашка-жүк, башка-жүк болуп жатат. Ошондой болбош үчүн бүгүнкү күндө кур дегенде элибизге пайдасы тийип, газыбыз менен эсептешип турганыбыз туура деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG