Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:39

Көл кылаасында таза суу тандагандардын коомдук бирикмеси түзүлдү


КАРАКОЛ. Бүткүл дүйнөлүк банктын таза суу программасынын облус боюнча координатору Анаркан Ибраимованын айтымында, Жетиөгүз районундагы Чоңжаргылчак, Чоңкызылсуу, Бирлик айылдарында калктын таза суу талабы чечилбей келген. Айыл тургундарынын жаңы суу түтүктөрүн орнотуп берүү өтүнүчтөрү буга чейин аткарылбай келишинин негизги себеби акча каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу болчу. Дүйнөлүк банктын таза суу программасынын алкагында ишке ашуучу долбоор максатын элет калкына туура түшүндүрүү үчүн 25 айылда таза суу иччүлөрдүн коомдук бирикмеси түзүлүп, атайын катоодон өттү жана облус боюнча 3 жарым миллион сом чогултулду. Бул акча каражаттарына суу түтүкчөлөрү орнотулуп, айылдыктарга таза суу жеткирүү маселеси акырындык менен ишке ашмакчы.

XS
SM
MD
LG