Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Германия өкмөтү төрөт үйлөрүнө жардам берет


БИШКЕК. 7-апрелде Ош шаарында Германия өкмөтүнүн «Эне менен баланын ден соолугун коргоо» долбоорунун ачылыш аземи өткөрүлөт. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, мындай иш чара Кыргызстан менен Германиянын ортосунда 1999-жылдын 14-сентябрында кол коюлган кызматташтык тууралуу келишимге ылайык аткарылууда. Аталган долбоор 2004-жылга чейин ишке ашырылат. Германия тарап долбоорго 7,5 миллион евро каражат бөлдү. Анын ичинен 5 миллион евро кредит, 2,5 миллион евро грант түрүндө берилет. Бөлүнгөн акчага Ош, Жалалабат, Баткен облустук төрөт үйлөрү жана аталган облустардагы райондук ооруканаларга Германиядан алынган медициналык жабдуулар коюлат. Мындай иш чарага Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов катышат.

XS
SM
MD
LG