Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Дүйнөлүк банк жыйынына Кыргызстан өкүлү чакырылды


БИШКЕК. 10-апрелде Вашингтондо Дүйнөлүк банктын кирешесине колдоо көрсөткөн 40тай донор уюмдардын үч жылда кайталанып туруучу кезектеги отуруму болот. Келерки үч жылдык стратегиянын артыкчылык багыттарын аныктоо максатын көздөгөн отурумга бул ирет дүйнөдөгү өнүккөн 40 өлкөнүн каржы министрлери, өнүгүү жолундагы өлкөлөр жайгашкан региондордон өкүлдөр чакырылууда. Алардын катарында Европа жана Борбор Азия регионунун атынан Кыргызстандын вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев чакырылды. Оторбаевдин айтымында, Дүйнөлүк банктын отурумунда ал өнүгүү жолундагы өлкөлөргө, алардын ичинде Европа жана Борбор Азия регионуна байланышкан долбоорлорду талкуулоого катышат. Ошондой эле отурумда донорлордун жардамдарын көбөйтүү жана аларды координациялоону колго алуу сунушун билдирет. Оторбаевдин оюнча, эларалык жардамдардын жылдык өлчөмү 5 миллиард долларга барабар, бирок жардамдардын көлөмүн 15-20 миллиард долларга чейин көбөйтүүгө донорлордун кубаты жетет.

XS
SM
MD
LG