Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

ОРУС БАСМА СӨЗ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ


Төрөкул Дооров, Москва Ирак согушу тууралуу Орусия элине жергиликтүү маалымат каражаттары тарабынан берилип жаткан кабардын маңызы өлкө жетекчилигинин АКШга карата мамилесинин өзгөрүүсү менен башкача нукка бурулду. Акыркы күндөрү Орусиялык гезит-журналдар менен теле-радиодо АКШнын согуштагы жүзү баштапкыдай баскынчынын эмес, «потенциалдуу дипломатиялык союздаштын» образын берет.

Президент Владимир Путиндин «Орусия өзүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыгынан улам АКШнын ирак согушунда жеңилип калышын каалабайт» деген сөзү жергиликтүү маалымат каражатарынын маанайына катуу таасир этти. Анткени, буга чейин Ирактагы аскерий операцияны «АКШ тарабынан кетирилген чоң саясий ката» деп эсептеген Кремль ага карата мамилесин кескин өзгөртпөсө да, белгилүү деңгээлде жеңилдеткени байкалды. Мамлекет башчынын мындай мамилеси Ирактагы согушта АКШнын жеңилүүсүн каалаган Орусия калкынын 80%ынын («Новая газета») колдоосуна ээ болушу ыктымал. Анткени, буга чейин АКШнын аракеттерин жактырбай келишкен орусиялык маалымат каражаттары да өз ажосундай эле маалымат таркатуу ишинде өзгөрүүгө дуушар болушууда.

«Независимая газетанын» (04.04.03) жазышынча, «бул сөзү менен Путин Вашингтонго согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү ишинде катышууга ниети бар экендигин билдирген. Дагы бир кызык жери - Путиндин позициясындагы мындай өзгөрүү ошол эле күнү АКШ согушуна каршы болуп келген Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишердин «Саддам режиминин тезирээк кулашын каалаган» сөзүнө уйкаш келгендиги» дейт макала автору Евгений Верлин. АКШнын согушта тезинен жеңишти колго алуусун каалаган мындай мүнөздөгү сөздөр Франция тарабынан да жумшартылган дипломатиялык тилде уктурулду. Демек, Иракты калыбына келтирүүдө АКШга масилетчи болуу милдетин алууну каалагандар аз эмес.

«Ошентип, буга чейин АКШдан Ирактагы аскерий операциянын тезинен токтотулушун талап кылып келишкен европалыктар жана Орусия бүгүн кайрадан эле Вашингтонду колдой тургандыктарын жарыя кылышты. Анткени, бул өлкөлөр АКШнын жалгыз туруп, жеңишти колго алууда толук ишеними жок экендигин жакшы түшүнүшөт. Андыктан, алар Бушка жалпы колдоо көрсөтүп, «согуштан кийинки иш-чарада» соодалашууну сунуш этишүүдө» деп бүтүм чыгарат «Независимая газета». Бирок, «Коммерсант» гезитинин ишениминде (05.04.03), «АКШ Конгресси тарабынан Ирактагы согуштан кийинки абалды калыбына келтирүү ишине бөлүнгөн каражаттан Орусия, Франция, Германия жана Сириянын компаниялары кол жууп калышы дайын эле».

Бир катар гезит-журналдар, алардын ичинде, «Власть» журналы (31,03,03), «Новая газета» (05.04.03), «Известия» (05.04.03) гезиттери согушка катышкан тараптардын аскерий потенциалына көбүрөөк басым жасап, кимдин күчү канчалык экендигине токтолушса, «Независимая газета», «Коммерсант», «Газета» гезиттери геосаясий климаттын өзгөрүүсүнө көңүл бурушту.

Жума ичинде орусиялык басма сөз каражаттарын Ирак согушунан сырткары, Чеченстандагы референдумдан кийинки абал да өзгөчө ойлондургандыгы байкалат. Көптөгөн гезиттер референдум тагдырын чечкен Баш мыйзамдын маанисине азырга чейин кайрылышууда. Мисалы, «Московские новостинин» (05.04.03) интернет басылмасында, эксперттердин ага карата мамилеси жарык көрдү. Алардын ойлорунда, Конституция «Орусия курамындагы субъекттердин тарыхында биринчи жолу анын өлкөнүн ажырагыс бөлүгү» экендигин көрсөттү. Буга далил катарында, «Орусия Федерациясы» сөзү Чеченстандын Конституциясында 100 жолу кайталангандыгы айтылат.

Андан сырткары, бир катар гезиттер ушул жылдын аягында жана келерки жылы өтө турган президентти, ошондой эле Парламентти шайлоо маселесине токтолушат. Республиканын администрация башчысы Ахмад Кадыровдун ишениминде, бүгүн ал өзү Чеченстандын президенттигин жарамдуу:

- Мен Чечен Республикасынын Президентин шайлоодо, албетте, өз талапкердигимди коем. Анткени, алдыма коюлган милдеттерди турмушка ашырууда мындан башка жол жок деп эсептейм.

«Независимая газетанын» жазганына таянып айтсак, «Президенттик шайлоолордо учурдагы биринчи талапкер Ахмад Кадыровго тең келе турган атаандаштар жетиштүү деңгээлде болушу күтүлөт». Алардын бири, шайлоого катышуу ниетин кечээ жакында ачык жарыя кылган саясатчы жана белгилүү ишкер, ошондой эле чечен калкынын арасында белгилүү абройго ээ - Малик Сайдуллаев.
XS
SM
MD
LG