Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму жугуштуу өпкө оорусунун тегин иликтөөнү ыкчамдатууда


ДССУнун Кытайда жүргөн эксперттери оорунун тегин иликтөөдө жылыш бар экенин баяндашат.Ошону менен бирге уюмдун өкүлү Кытай бул ооруну көзөмөлгө алды, дегенге азырынча эрте экенин белгилейт. 30 өлкөдө ооруну жугузуп алган 2600 киши катталды. Акыркы маалыматтар боюнча, оорудан 86 киши көз жумду. Алардын ичинен жети киши Канадада, алтоо Сингапурда, төртөө Вьетнамда жана эки киши Тайландда каза болгон. АКШда ооруну жугузуп алган 115 киши катталды. Президент Жорж Буш ооруну жугузуп алган адамдарды карантинге алууга жол ачкан жарлыкка кол койду. Европада оорунун 17 учуру катталды, алардын көбү Чех Республикасында катталды.

XS
SM
MD
LG