Херат провинциянын өкмөт өкүлү Гулам Мухаммед Масундун маалымдашынча, өкмөттүк аскерлер менен талибан согушкерлеринин Бадгиз провинциясында болгон салгылашууларында 50дөн ашык талиб курман болду. Масуун өкмөттүк аскерлерден 6 жоокер окко учканын кабарлады. Салгылашууда талибандын Жума-хан баштаган тобунун аскерлери колго түшкөн. Өткөн 2 жуманын ичинде талибан жоочуларынын бир нече командири туткунга түшкөнү кабарланат.