Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Ирандын президенти Улуттар Уюмуна кайрылып, Ирак согушун токтотуу аракеттерин колго алууга чакырды


Испаниянын тышкы иштер министри Ана Палацио айым менен өткөн сүйлөшүүдө президент Мухаммад Хатами Улуттар Уюму согушта таасирдүү рол ойноого тийиш, деп билдирди. Хатами ошондой эле Иран Ирак элине гуманитардык жардам берүүгө даяр экенин бышыктады. Ал эми Палацио Улуттар Уюму Ирактын согуштан кийинки турмушунда активдүү рол ойноого тийиш, деп айтты. Палацио Тегеранга бир күндүк расмий визит менен келген. Ал Ирандын президенти жана тышкы иштер министри менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG