Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Америкалык аскерлер Багдаддын борборунда аскердик иш-арекет операцияларды жүргүзүп жатканы кабардалууда


АКШнын аба күчтөрүнүн генерал-майору Виктор Ренуанын Катарда жасаган билдирүүсүнө караганда, Багдадга түштүк тараптан кирген күчтөр Тигр дарыясына жетти. АКШ аскерлеринин башка бир өкүлү капитан Фрэнк Торп мындан мурда жасаган билдирүүсүндө коалициялык күчтөр Ирак байтактысына кирип баратышканын билдирген эле. Бирок Багдадда жүргөн кабарчылар шаарда коалициялык аскерлер көрүнбөгөнүн айтышкан. АКШлык аскердик булактар ошондой эле шаардын кире беришинде болгон салгылашууларда Ирак 1000дей аскерин жоготконун билдирет. Бүгүн Пентагон Иракта 75 америкалык солдат курман болгонун билдирди.
Анын аралыгында Ирактын маалымат министри Мохамед ас-Сахаф америкалык аскерлердин Багдадга киргенин төгүнгө чыгарып, Ирактын республикалык аскерлери душманды Багдаддын аэропортунан сүрүп чыгарганын билдирди. Ас-Сахаф президент Саддам Хусейндин Ирак элине жасаган кайрылуусун окуп берди. Анда президент ирактактарды душман менен жан аябастан согушууга чакырат.

XS
SM
MD
LG