Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:13

Ошто Германия өкмөтүнүн долбоорунун бет ачаар аземи өткөрүлөт


БИШКЕК. Эртең Ош шаарында Германия өкмөтүнүн «Эне-баланын ден соолугун коргоо-2» деген долбоорунун бет ачаар аземи болот. Ага саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов, Ош облусунун губернатору Накен Касиев жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Клаус Ахенбах катышмакчы. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда, долбоордун алкагында Ош, Жалалабад жана Баткен облустарындагы 28 оорукананын төрөт бөлүмдөрү жаңы медициналык жабдуу менен камсыз болот. Бул долбоор 2002-жылдан тартып аткарыла баштаган жана ал 2004-жылда аяктайт. Долбоорду аткарууга Германиянын өкмөтү 5 млн. евро кредит, 2,5 млн. евро грант бөлгөн.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG