Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Финляндиялык компания Кыргызстанда иштейт


БИШКЕК. Быйылкы жылдан баштап финляндиялык компания Кыргызстанда суу менен камсыздоо жана сууну тазалоо системасын өркүндөтүү боюнча долбоорду ишке ашыра баштайт. Алгачкы долбоорлор Бишкек жана Ош шаарларында ишке ашырылат. Бул тууралуу президент Аскар Акаев ишембиде билдиргенин «Кабар» маалымат агенттиги кабарлады. Ал маалыматка караганда, фин өкмөтү бул багыттагы иштерди аткарыш үчүн грант бөлүүгө макулдук берди, аны болсо фин компаниясы иштетмекчи. Президент А. Акаев ошондой эле «Финляндиянын экономикалык өнүгүшү Кыргызстанга үлгү боло ала тургандыгын» белгилеген. «Экономикасынын тутумун өзгөртүп, алдыңкы технологияларды өнүктүрүүгө басым жасаган Финляндия Европада экономикалык өнүгүү боюнча алдыңкы катарга чыкты», дейт Кыргызстандын мамлекет башчысы.

XS
SM
MD
LG