Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

СОГУШТАН КИЙИНКИ ИРАК: ООГАН САБАКТАРЫ


Коалиция күчтөрү Багдадка жакындаган сайын согуштан кийинки Иракты башкаруу маселеси көбүрөөк талкууга алына баштады. Маселе АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин Европа Биримдигинин лидерлери менен болгон жолугушууларында да каралып, тараптар карама-каршы позицияда экени дагы бир жолу айкын болду. Айрым аналитиктер согуштан кийин мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюму да бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот деген пикирде.

АКШнын планы боюнча согуштан кийин Иракта жарымы – аскердик, жарымы - атуулдук башкаруу киргизилмекчи. Пентагон иштеп чыккан долбоорго ылайык америкалык аскерлер өлкөдө согуш аяктагандан кийин да бир канча мөөнөткө кала беришет.

Буга байланыштуу айрым аналитиктер менен журналисттер АКШнын Ооганстандагы тажрыйбасын эске салышат. Бирок, дейт Ройтерстин кабарчысы Симон Дениер, эгерде Кошмо Штаттар бийиликти ишеничтүү оппозициянын колуна топтоп берип, реконструкция иштери оңой эле жүрүп кетет деп ойлосо жаңылышат. Анткени талиптердин режимин кулатып, өлкөнү калыбына келтирүүгө эбегейсиз күч жумшаган АКШ, Иракта андан да кыйын көйгөйлөргө кептелмекчи.

“Ооганстан өтө татаал өлкө экени белгилүү, бирок Ирак - татаалдыгы боюнча андан ашып түшөт. Ооганстанда турмушка ашырылгандагыдай тынчтык жөнүндөгү консенсуска бул жерде жетишилбей да калышы мүмкүн”, - деп жазат Лондондогу Жэйнс изилдөө борборунун аналитиги Тони Дэйвис. Анткени, дейт ал, талиптер бийликтен өз оппозициясына дээрлик туруштук бербестен кетишкен. АКШнын 2001-жылкы бомбалоолорунан жүздөгөн карапайым калк набыт болгону менен, баш калаа Кабул чет өлкөлүк аскерлер тарабынан эмес, Ооган оппозициясы – Түндүк Альянс - тарабынан алынган. Иракта болсо коалиция күчтөрү эч кимдин жардамысыз, өздөрү күрөшүүдө жана калк арасында курмандыктар көбөйгөн сайын жергиликтүү калайыкта аларга карата кас маанай күчөгөндүгү байкалууда.

АКШ өз планында Ирактын согуштан кийинки башкаруусуна жергиликтүү оппозицияны тартуу жаатын да караган. Бул өтө тобокел иш-чара болоорун Ройтерс маалымат агенттиги божомолдойт. Анткени Ирак эли менен катар кошуна араб мамлекеттери аларды тааный тургандыгы өтө күмөн. Ооган оппозициясы жергиликтүү коомдун ичинде пайда болгондуктан, анын тамыры өлкөдө кеңири тараган болчу. Кабулдук бир дипломаттын айтымында, Ооганстанда азыноолак болсо да эл тарабынан улуттук лидерлер деңгээлинде кабыл алынган саясатчылар бар болчу. Ал эми бозгунда жүргөн Ирак оппозициясы болсо, дипломаттар менен аналитиктердин айтымында, абдан алсыз, ал эл тарабынан колдоого көп деле алынбайт. Аларга АКШнын жетеленме өкмөтү катары мамиле жасалышы толук ыктымал.

Дагы бир маселе – болочок өкмөттүн кошуна мамлекеттер менен мамилеси. Дагы бир жолу Ооганстан менен салыштыра кетсек, бул жерде да АКШ өтө татаал проблемаларга туш келе тургандай. Пост-талиптик режим аймактык лидерлер тарабынан дароо таанылганы маалым. Кошмо Штаттардын Иран, Сирия өңдүү өлкөлөр менен болгон начар мамилелерин эске алсак, регионалдык консенсуска жетүү аракеттери оңунан чыгаары күмөн, - деп жатышат айрым серепчилер.

Ирак стратегиялык жактан алганда Ооганстандан алда канча маанилүүрөөк, ал эл аралык коомчулуктун чордонунда дагы көпкө кала берээри анык. Ошондуктан ооган сабактарын эске алып, өлкөнү калыбына келтирүү иштерин, гуманитардык жардам жаатындагы аракеттерди ыкчамдатыш керек, - деген жыйынтыкка келет Ройтерстин кабарчысы Симон Дениер.

Ирактын стратегиялык мааниси мунай менен байланыштуу экенин айтпасак да белгилүү. Лондондук адис Лео Дролластын айтымында, согуштан кийинки доордо өлкөдө мунай сектору жеке менчикке өтүп кетсе, анда ОПЕКтин күнү бүттү десек болот. Анткени Ирак мунай экспортун кошуна Ирандын деңгээлине жеткирүүгө умтулат. Иран ушул тапта күнүнө 3 жарым миллион баррель мунай өндүрөт. Буга ОПЕК макул болбой турганы анык, анткени мындай кырдаалда башка 10 мүчө-мамлекеттин квотасы төмөндөп кетет. Ошентип, Иракка ОПЕКте калуу маселесин чечүүгө туура келет. “Экономист” журналынын серепчиси Нейло Патрик уюмдун негиздөөчүлөрүнөн болгон Ирак ОПЕКтен чыгып кетсе, бул жакшы жышаана болбойт деген пикирде. 1990-жылы Ирак Кувейтти басып алганда өлкө мунай экспорттоочулардын корпорациясынан убактылуу чыгарылып салынган.

XS
SM
MD
LG