Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Британ аскерлери Басрага чабуул коюуда


Жекшемби күнү британиялык аскерлер Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарына чабуул жасады. Бул - эки апта мурда шаардын четинен орун алган британ аскерлеринин эң ири чабуулу.
Британиялык аскерлердин өкүлү Крис Вернон жасаган билдирүүгө караганда, чабуулдун максаты - башкаруучу БААС партиясынын шаардагы кеңселерин жана акыркы күндөрдөгү салгылашууларда алсыраган ирактык күчтөрдүн калдыктарын талкалоо.
АКШлык аскерлердин өкүлү Фрэнкс Торп 1998-жылы күрт кыштактарын газ менен ууландырып кырган ирак командири Али Хасан Мажиддин үйү кечээ күнү бомбаланып, анын күзөтчүсү өлтүлгөнүн ырастады.
Күрттөрү газ менен кырганы үчүн “Али химик” деген лакап атка конгон Мажиддин кийинки тагдыры азырынча белгисиз.
Биздин радионун кабарчысынын Басранын четинен кабарлашынча, шаар азырынча ирак армиясынын, коопсуздук күчтөрүнүн, полициянын жана федайиндердин колунда калууда.

XS
SM
MD
LG