Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Америкалык аскерлер Багдады курчоого алууну улантууда


Ирактагы кабарчыбыздын билдиришинче, АКШлык аскерлер Багдаддан түндүктү көздөй кеткен бир нече кан жолду, борбор шаардын түштүк-батыш, батыш жана түндүк-батыш тарабындагы айланма жолду ээлешти.
Багдаддын түндүк-батышында авиачабуулда жана салгылашууда кыйраган ирактык танктар менен аскерий машинелерди, түртүү унааларды көрүүгө болот. Карапайым ирактыктар америкалык аскерлерди утурлап алууда деп билдирет майдан талаасындагы кабарчыбыз Рон Синовиц.
Р.Синовицтин кабарлашынча, бүгүн эртең менен Багдаддын түштүк тарабында америкалык аскерлер менен Республикачылар гвардиясынын салгылашуусу болду:

- Ошол эле учурда, АКШ армиясынын Үчүнчү мотоаткычтар бөлүгүнүн аскерлери Багдадка чегинип кете албай камоого түшкөн Ирактын Республикачылар гвардиясынын калдыктарын “жок кылуу” иш-чараларын жүргүзүүдө.

Пентагондун маалыматы боюнча, Багдад аэропортунда азыр 7 миңге жакын америкалык аскер жайгаштырылган.
Ирак бийликтери кечки саат 18ден таңкы саат алтыга чейин адамдардын Багдадын ичинде жүрүүсүнө бүгүндөн тартып тыйуу салды.

Багдадда болгон пресс-конференцияда Ирактын маалымат министри Мохаммед Сайид ас-Сахаф ирактык аскерлер Багдад абамайданынын жанында болгон салгылашууда америкалык 50 жоокерди, бир нече танкты жана тикучактарды жок кылганын жарыя кылды.

АКШ тараптын маалымдашынча, акыркы күндөрдөгү салгылашууларда 2 миңдей ирактык аскер катардан чыгарылган. Бул кабарды көз карандысыз маалымат булактары тастыктай элек.
Пентагондун билдиргенине караганда, Ирактагы согуш башталгандан бери АКШлык 80 аскер курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG