Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:27

ОБОЛОГОН ОБОНДОРДУН ЭЭСИ АРЗЫБЕК БЕДИЯРОВ


Белгилүү обончу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Арзыбек Бедияров менен баардашуу.

Таанымал обончу-аткаруучу, республиканын эмгек сиңирген артисти Арзыбек Бедияровдун жүздөгөн угуучулары «Арзыкебиздин сакадай бою сары алтын, сан ырынын баары алтын» деп сыймыктанып, урматтап келишет. «Калк айтса калп айтпайт» дегендей Арзыбек чейрек кылымдан бери угармандардын руханий жан-дүйнөсүн азыктандырып, кыялдарын черткилеген, махабат, Атажурт, өмүр, жаштык жөнүндө кыргыздын элдик ырларынан угуттанган ондогон жайдары жүрүштөрдөгү, жаркын маанайдагы обондорду жаратты. Автордун ошондой ырларынын бири – «Барам сага». Ырда санаасын сары саамал кылып, «селкиме жетсем» деп алоолоно күйүп-жанып, бар-жогуна кайыл боло зар каткан бозойдун ашынган ашыктыгы баяндалат.

Мына ушундай кыял кылдарын дирилдеткен обондорду жараткан Арзыбек Бедияров 1952-жылы Жалалабаддын Сузак районуна караштуу Кызылсеңир айылында туулат. Обончулук шык-отунун жанышына көрүнүктүү обончу-ырчы Рысбай Абдыкадыровдун ырлары, ооруканада бирге жаткан күндөрү угут болсо, Арзыбектин азыркыдай обончулук сересине чыгышына таланттуу, таанымал обончу-ырчы, дастанчы Жолболду Алыбаев «өйдө чыкса өбөк, ылдый түшсө жөлөк» болуптур. А.Бедияров эки кесиптин ээси. Ал Жалалабаддагы медициналык окуу жайынын фельдшердик, Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун маданият агартуу бөлүмдөрүн бүтүрөт. Ал өзүнүн эмгек жолун жана чыгармачылык жолун Карл Маркс атындагы мектеп-интернатта, Сузак райондук ооруканасында иштөөдөн баштайт. Арзыбек он жети жыл мектепте музыка сабагынын мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. «Эл агартуунун отличниги» деген төш белгиге да татыктуу болот. Автордун облустун гимнине айланган «Кутман жерим» аттуу обону баштаган «Барам сага», «Эсиме ал кез түшкөндө», «Күлгүн жаш», «Бейиштин төрү беле», «Ушундай беле бешене», «Жолуксам жоругуң бар», «Көргөндө адатым бар күлүп коймой», «Ойлодуң бекен мени сен», «Сен жаз элең», «Махабатым арманым» аттуу жана башка элүүдөн ашык ырлары ырдамдуулугу, аваздык көркөм боекторунун көп түстүүлүгү менен угуучулардын жан шеригине айланды. Арзыбек башка обончулардай колго тийген акындардын ырларына эмес, обондун оюна ой кошкондой, маңызын байыткандай ырларга обон чыгарат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарынан баштап, өз теңдүү обончу-ырчылардай «Манастан Чубак кем бекен» деп, Арзыбек да «Күлгүн жаш» аттуу чыгармачылык тобун түзөт.

- Арзыбек мырза, азыркы күндөгү «Күлгүн жаш» тобунун чыгармачылык жамааты менен тааныштыра кетсеңиз?

- Азыркы убакта «Күлгүн жаш» тобунда Алтынай Эшбаева, Анара Шайымкулова, Чынара Дуранова деген ырчы кыздар иштейт. Булардан башка чоор баштаган элдик аспаптарда ойногон Абдырасул Садырбаев деген жигит да эмгектенет. Белгилүү комузчу Токтомурат Осмоналиев, клавиштүү аспапта ойногон Кумар Матиев да биздин топто иштешет.

- Дасыккан, такшалган обончу катары бүгүнкү кыргыз обондору, ырлары жөнүндө жеке оюңуз?

- Мен өзүм чыгармачыл адам, обончу катары баамдасам акыркы кезде улуттук колориттеги, кыргыздын жытын, жүзүн көрсөтө турган ырлар жокко эсе болуп баратат. Көбүнчө бизде Батыштын, түрк, азербайжандын стилинде жазылган ырлар басымдуу болууда. Ошондой эле жаштарыбыздын да табиттери бузулуп баратат. Балким бир канча жылдардан кийин кыргыздын ырлары түрктөрдүн, же башка улуттардын музыкасына окшоп калабы деп чочулайм. Ырас, кыргыздын колоритин сактап, көрөңгөсүн бөксөртпөй, жакшы ыр жазып жүргөн кээ бир таланттуу обончулар, күүчүлөр бар. Ошондой эле айрым эстрадалык топтор да бар. Аларды өзүңүз таанымал музыковед катары угуп да, баамдап да жүрөсүз. Бирок андайлар азырынча аз. Бүгүнкү күндө элетте жашаган эл, 30-40 жаштан өткөндөр кыргыздын чыныгы улуттук музыкасын уксак дешип, эңсеп, сагынып жүрүшөт. Ошондуктан угуучулардын жан-дүйнөсүн байыткан обондорду чыгаруу ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.

- Арзыбек мырза, баардашканыңызга чоң рахмат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

Тектеш

XS
SM
MD
LG