Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

ПРОФЕССОР КУЛЬЧИЦКИЙ «МАНАС» ЭПОСУНУН 2 ТОМДУГУН ОРУС ТИЛИНЕ КОТОРУП БҮТТҮ


Мирзохалим Каримов, Бишкек Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин профессору Владимир Евгеньевич Кульчицкий кыргыз элинин тарыхы, максат-тилеги, каада-салты, ой-санаасы тууралуу аябагандай кенен, терең маалыматтардын түпсүз булагы саналган «Манас» эпосунун 2 томдугун орус тилине которуп бүттү. «Манасты» орус тилинде айта алганы үчүн эл арасында ал «манасчы» деп аталып да жүрөт. Мына ушундай баалуу, сыймыктуу ийгиликтерге кантип жетишкенинен кабардар болуу максатында ага айрым суроолор менен кайрылдык.

- Владимир Евгеньевич, сиздин кыргыз адабий казынасындагы түбөлүк өчпөс байлык-эпикалык чыгармаларды орус тилине которууңузга эмне себеп болду?

- Чынын айтканда менин «Манасты» которуу жаатындагы эмгек жолум оңой-олтоң болгон эмес. Мурда «манасчыларды» угуп, эмне жөнүндө сөз болуп жатканын терең болбосо да, анча-мынча билип жүргөн элем. «Поэма жанрынын тарыхы жана теориясы» деген темада докторлук диссертациямды жазганымда түрк эпосун изилдөөгө туура келди. Бул изилдөө мага талбай талпынткан канат байлады десем жаңылышпайм. Илимий изилдөө жакшы натыйжага жетиши үчүн «Манастан» кээ бир үзүндүлөрдү которууга туура келди. Ошентип, «Манас» мени өзүнө биротоло байлап алды.

- Сиз «Манастын» кайсы вариантын котордуңуз?

- Мен Сагымбай Орозбаковдун вариантын котордум. Ырас, көп жылдар илгери Москвада «Манастын» 4 тому орус тилине которулган. Советтер Союзунун доорундагы мыкты деп аталган котормочулар, таанымал филологдор, атактуу түрколог Константин Юдахин да тартылган эле бул ишке. Ал кездеги максат деле Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манастын» маани-мазмунун орус тилдүү окурмандарга жеткирүү болгон эле.

- Ушундай татаал да, жооптуу да эсептелген чыгармачыл иштин үстүндө канча жыл эмгектендиңиз?

- «Манасты» орус тилине которуу, изилдөө ишинде он жылдан бери алектенип келатам. Ырасын айтканда, айрым бөлүктөрүн, үзүндүлөрүн которгондон кийин анын энергетикалык кубаттуу күчүнө кантип тартылып кеткенимди өзүм да сезбей калдым. Мына ошондон кийин анын үзүндүлөрү биринин артынан бири байма-бай которула берди. Акыркы 5-10 жылдын аралыганда мен жалаң ушу котормо менен гана алектенип, натыйжада 24,5 миң саптан турган 2 тому даяр болду. Эгер тийиштүү уюмдардан же адамдардан атайын тапшырма берилсе, калган 2 томун деле которуп берүүгө даярмын. Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манастын» 4 тому кыргыз элинин башынан өткөргөн турмушундагы бүткүл тарыхын, маданиятын чагылдыра турган вариант болуп саналат. Эгер бул 4 том орус тилине толугу менен которулса, анда дүйнөлүк адабий казына дагы бир чоң байлык менен толукталган болор эле деп ойлом.

- Сизди «Курманбек» эпосун да которгон деп айтып жүрүшөт. Бул тууралуу да кеп салып бере аласызбы?

- Өткөн жылы Курманбек баатырдын 500 жылдыгы белгиленип жаткан күндөрдө мен телевизордун алдынан жылбай, эпостон үзүндү айтып ырдагандарды кызыгуу менен угуп турдум. Анан бул эпос деле аябагандай эмоционалдуу, кызыктуу экенине ынанып, дилим жылый берди. Ошондо бул эпосту да орус тилине которсом деген чоң максат пайда болду менде. Арадан көп өтпөй, өткөн жылдын аяк ченинде мени таанып-билген тийиштүү кызмат адамдары «Курманбек» эпосун которууну сунуш кылышты. Мен бул сунушту чын дилимден кабыл алдым. Натыйжада, бул ишти да каалагандай даражада орундатууга жетиштим. Котормого жакшы баа берилди. Албетте, «Курманбек» эпосун которуу «Манасты» которууга караганда эки эсе татаал болду мен үчүн. Анткени «Курманбек» - бул тарыхый баллада, баатырдык ыр. Бирок ал канчалык даражада татаал болбосун, мен аны орус тилдүү окурмандарга түшүнүктүү кылып жеткире алдым. Ошол себептен бул эмгегиме аз болсо да канааттанып олтурам.

- Эми бул эмгектериңиз өзүнчө китеп болуп басылып, окурмандардын колуна жеттиби?

- Котормолордун кол жазмалары басууга даяр болуп турат. Мамлекеттик болобу, башкасыбы, айтор, түрдүү кызматтарда иштеген күйөрман адамдарды издеп таап, алардын жардамы аркылуу бул эмгектеримди жарыкка чыгарууга аябай аракеттенип келатам. Бул максатты тоолор жылында жүзөгө ашырууга ниеттенген элем. Бирок, ал оюм ишке ашпай калды. Быйыл эми Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн жылында бул мүдөөм ишке ашат го деп күтүп турам. Бирок, жөн эле күтүп жүрө бергенде да болбой турганын билем. «Манас» биз үчүн ыйык, бизге керек деген адамдарды таап, алардан жардам сурайм, албетте. А чындыгында «Манас» баарыбыз үчүн, жумуруяттын бардык тургундары үчүн керек. Анткени, элдерди жакындаштырууда искусствонун ээлеген орду абдан чоң. Дүйнөдө болуп жаткан согуштар гана тескерисинче адамдарды бири-биринен ажыратат. Ал эми искусство аларды ар дайым бириктирет. Айтор, эпостун философиялык терең мааниси, баалуулугу биздин жумуруяттагы эле эмес, кала берсе бүткүл дүйнө элдери үчүн да ыйык. Анын үстүнө «Манас» эпосу планетадагы эң ири адабий мурас экенин да унутпашыбыз керек. Көлөмү жагынан алганда «Гомерден» 20 эсе, «Махабхаратадан» 2 жарым эсе чоң. Ошону үчүн ага карата менин оптимизмим жетиштүү. Анын тагдырына, элдерди бириктире ала турган миссиясынын мындан ары да аткарыла берээрине толук ишенимим бар.
XS
SM
MD
LG