Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

БИЙЛИК КУМАРЫ, КОНСТИТУЦИЯЛЫК ЧЕКТҮҮ МӨӨНӨТ


Бийлик менен оппозициянын талашы демократия шартында мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааланышы керек. Анткен менен кыргыз бийлигинын ыгы келген да, келбеген да жерде оппозицияга асылып алмайы бар. Оппозиция болсо үнү угулган жердин баарына бийликти жаман көрсөтүү аракетинен жанбай келет. Президенттик үчүн ат салышуу удулу белдин эле ары жагында күтүп турат...

Жакында өкмөт гезити “Кыргыз туусу” орусиялык басылмадан таржымалап, КМШ өлкөлөрүн кимдер башкарып атканын баяндаган маалымдама жарыялады. Анда Кыргызстандын президенти үч мөөнөткө шайлангандыгы апачык эле жазылган: “1990-жылдын 27-октябрында Жогоку Советтин кеңешмесинде президент болуп шайланган. 1991-жылдын 12-октябрында жалпы элдик шайлоодо биринчи мөөнөткө шайланган. 1995-жылы экинчи мөөнөткө кайрадан шайланган. 2000-жылы үчүнчү мөөнөткө (77%тен ашуун добуш менен) шайланган”.

Орусиялык басылма 2005-жылкы президенттик шайлоого А.Акаев катышпастыгын айтканына токтолуп мындай божомолду алдыга жаят: “Келерки шайлоо 2005-жылы болуп өтөт. Ал кайрадан шайланбастыгы тууралуу билдирди. Эгерде Акаев 2005-жылга чейин өзүнүн ордун баса турган адамды тапппаса, анда өлкө кыйын абалда калышы мүмкүн. Акаевдин кетиши республиканын түндүк жана түштүк болуп экиге бөлүнүшүнө алып келет. Клан жана этностор аралык карама-каршылыктар четтетилген эмес, президенттин фигурасы гана өлкөнүн биримдигин камсыз кылууда”.

А.Акаев 2005-жылкы президенттик шайлоого катышпастыгын айтып, оппоненттеринин көңүлүн жайгарган жайы бар. Анткен менен мамлекет башчынын минтип “сыр ачышына” ишенбегендер деле арбын.

- Айрым адамдар демократия менен биримдик шайкеш келбейт деп айтышат ,- дейт президент Акаев. - Ал эми айрымдар ынтымакка чакырууну кысым катары, бирдей ой жүгүртүү катары терс кабылдайт. Мындай адамдар демократиянын маңызын түшүнө бербейт деп ойлойм. Демократия - бул- большевизм эмес, жалпы элдин таламын көздөө. Коомдук ынтымак болгон жерде гана демократия өкүм сүрө алат. Антпесе айрым топтордун, бир адамдын диктатурасы өкүм сүрүшү мүмкүн. Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынгандан кийин коомдо жагымдуу кырдаал жаралды жана адилет иштерди аткаруу үчүн аны пайдаланбай коюу күнөөгө тете болоор эле. Республикада жаздын деми сезилип, жаратылыш жаңыланууда. Мындайда талаш-тартышты көбүнесе керт башынын таламын көздөгөн, бөйрөктөн шыйрак чыгарууга ниеттенген күчтөр таңуулоодо. Түбү келип жамандыкты көздөгөн күчтөргө сокку уруу зарыл.

Айрым оппозициячыл саясатчылардын оюнча, өлкө экономикасында олуттуу жылыш байкалбай, коррупция мамлекеттик масштабга чыкканы, өнүгүү эмес, эптеп өлкөнү кризистен сактап калуунун амалын издеп отурган азыркы бийликти мыйзамдуу негизде алмаштырууну каалабаган таасирдүү күч - бийликтин өзү. Ансыз да ич ара ынтымагы жок оппозицияны жектеп, болгон кемчилик, мүчүлүштөрдүн баарын ага жүктөп, айыпты бийлик каршылаштарынан издөө кийинки жылдары кыйла күчөгөндүгүн да жергиликтүү адистер белгилеп келишет.

Азыркы бийликтин айныксыз оппоненти, Кыргызстан коммунисттеринин лидери Абсамат Масалиев оппозицияга дoомат кылууну саясий оюндун бир көрүнүшү деп эсептейт.

- Конституцияны алып барып аткан кишилер аны бекем сактап, ар бир беренесин аткарбаса жаңы редакция деле мурдагысындай эле калат. Андай болсо бул деле саясий оюнга айланып кетиши ыктымал. Президент, ачык айталы, эптеп эле палатадан, парламенттен кутулгусу келип атат.

Референдум аркылуу Башмыйзамды утурумдук саясий кызыкчылыктардын садагасына чаап жиберүү аракеттери эгемендик тушунда кадыресе ишке айлангансыды. Ошондон уламбы, калайык арасында президенттин айтканына анча ишенбеген, 2005-жылы улам-улам оңдолгон Конституциядан дагы бир жылчык таап кайра эле А.Акаев өзү төртүнчү мөөнөткө шайланып алышы мүмкүн деп шек санаган кишилер деле аз эмес. Ошол эле учурда, эки жылдан кийин электорат үчүн болочокку президентти тандоо мүмкүнчүлүгү чындап келээрине ишенип, өз талапкердиги тууралуу эмитеден кам көргөн саясатчылар да бар.
XS
SM
MD
LG