Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН АЛМАШУУСУНА НЕГИЗ БАРБЫ?


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек шаары 2005-жылы президенттик шайлоого катышпай тургандыгын бир катар массалык маалымат каражаттары аркылуу ачыктаган азыркы мамлекет башчысы Аскар Акаевдин сөзүнө ишенсек, анын ордун басууга даярдык көргөндөр премьер-министрлик кызмат орду аркылуу такшалып, даярдалат деген пикирлер бар. Ага чейин азыркы кыргыз өкмөтүнүн алмашуусуна негиз барбы, болсо анын чоо-жайы кандай?

Кыргызстандын Башмыйзамына алымча-кошумча киргизүү боюнча жакында өткөн референдум өлкөдөгү саясий күчтөр арасында кадр саясатындагы өзгөрүүлөрдү күткөндөй маанай жаратты. Айрыкча Конституциянын кийинки редакциясына ылайык парламент бир палаталуу болууга тийиш экендиги Жогорку Кеңештин мындан аркы иши тууралуу кызуу талаштарга жем таштап келет. Кош палаталуу парламент өзүнүн конституциялык мөөнөтүн акыр-аягына чейин өтөй тургандыгы далай ирет расмий түрдө айтылса да, депутаттардын көпчүлүгү мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы тарайт же таратылат деген күдүк ойлорун жашырган жери жок. Баарынан кызыгы, бул өкмөттү алмаштыруу маселесине да тыгыз байланыштуу. Парламентти таратууга ынтызар болгон күчтөр жетиштүү боло турган болсо, анын таасирдүү мүчөлөрүнө аткаруу бийлигинен кызмат орундары сунушталып, саясий соода жүрөт деген божомол бар. Ансыз депутаттарды жылуу ордунан козгош да кыйын. Андыктан азыркы парламент менен азыркы өкмөттүн тагдыры кайсы бир денгээлде өз ара байланышкан деп айтса болот.

Өкмөттү алмаштыруу жөнүндө кеп боло турган болсо, байкоочулардын көпчүлүгү кийинки президенттик шайлоо өтө турган 2005-жылга чейин өкмөт башчысынын ордунда азыркы премьер-министрден тышкары кеминде эки адам иштеп кеткенге үлгүрөт деп болжоп жатышат. Анткени соңку жылдары Кыргызстандын жогорку жетекчилиги Орусиянын ички саясий тажрыйбасын кеңири колдонууга аракет кылып келатканы жалпыга маалым. Кызматтан кетээр алдында улам бир өкмөт жетекчисин баш тоголотуп сынап көрүп, акыры азыркы президент Владимир Путиндин талапкерлигине токтолгон Борис Ельциндин саясий кадамын эске алганда, премьер-министрдин кызмат ордун Кыргызстанда да президенттик орунга жетүүнүн соңку баскычы катары эсептегендер арбын. Алар президенттик шайлоого канчалык жакын калган сайын, улам кийинки өкмөт башчысынын мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болот деп санашат.

Мындай пикирлердин жаралышына көп жагынан азыркы президент өзү себепкер болгон. Анын Батыштын жана Орусиянан маалымат каражаттарында жарык көргөн бир катар маектеринде мамлекет башчысы 2005-жылы кызматтан кетээрин айтып, бирок кийинки президенттик шайлоолордо сырттан көз салган байкоочу катары кала бербестигин айтканы бар. Демек, ал кийинки президенттин эл алдында аброй алышына эмитен кам көрүүгө тийиш. Көптөгөн саясатчылар үчүн премьер-министрлик кызмат бул багытта кыйла мүмкүнчүлүк түзө турган орун. Өкмөт башчысынын өлкөнү ийгиликтүү башкара алаар, башкара албасынан көп нерсе, биринчи иретте анын журт алдындагы өз кадыр-баркы көз каранды. Бир топ саясат иликтөөчүлөр азыркы президент башкарып турган мөөнөт ичинде иштей турган акыркы жана сонку премьер-министрлер азыркы номенклатурадан чыгат деген ойлорун айтышууда. Анткени, алардын көз карашында, учурда өлкө жетекчисин кескин сынга алып келаткан оппозиция өкүлдөрү жакынкы эки жыл ичинде жетиштүү саясий, экономикалык ресурстарга ээ боло алышы күмөн.

Мындай шартта азыркы премьер-министр өз кызмат ордунда утурумдук фигура катары эсептелээри турган иш. Бир катар байкоочулардын эсебинде, Николай Танаевдин дайындалышына көп жагынан анын былтыркы Аксы окуясы учурундагы өлкө жетекчилигине ыңгайлуу болгондугу, азыркы саясий элита үчүн анчейин проблема жаратпагандыгы башкы себеп болгон. Ал азыркы кызмат ордунан бийикке умтулмак эмес, анын үстүнө Орусия жана КМШ өлкөлөрү менен карым-катнашты өркүндөтүү жаатында жакшы иштейт деген үмүт бар эле. Азыркы өкмөттүн колундагы укуктук жана экономикалык ресурстарды эсепке алганда, ал кыйынчылык менен болсо да ички экономикалык жана саясий стабилдүүлүктү сактай алганын да айтса болот. Ошого карабастан айрым саясатчылар азыркы өкмөт башчысына каршы кое турган көзүрлөр да жок эмес. Алардын эн негизгилери катары 2002-жылы ички дүң продуктунун көлөмүнүн азайышын, жакырчылыкты жоюу боюнча көрсөткүчтөрдүн начардыгын, аткаруу бийлигине ишкерлер арасында аброй апкелиши күмөн болгон салык саясатын жана башка чечилбеген проблемаларды атап өтсө болот.

Азыр басма сөз беттеринде өкмөттүн алмашуусу боюнча ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдар өкмөт жазгы кымбатчылык күч алган май айларында алмашышы мүмкүн дешсе, башкалары президент А. Акаев мындай кадамга август айында өтө турган Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүп алмайынча барбайт дешет. Бирок кандай болгон күндө да көптөгөн байкоочулар өкмөт 2003-жылдын ичинде алмашууга тийиш деген божомолго токтолушууда.

Азыркы өкмөт башчысынын ордун баса турган адамдар тууралуу божомолдор да ар түрдүү. Өлкөнүн түштүк тарабын жетекчи кадрларды өстүрө турган чөлкөм санагандар бул кызматка Ош облусунун азыркы губернатору Накен Касиев келет дешет. Башкалары тышкы инвестицияларды тартуу боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин атын айтышууда. Эксперимент иретинде мамлекет башчысы премьер-министрликке оппозиция өкүлдөрүн чакырып көрүшү мүмкүн дегендер да табылат. Бирок андай сценарийден шек туудурган олуттуу эки жагдай бар. Бир жагынан, азыркы оппозициянын ичинде өз командасын алып келбей туруп учурдагы номенклатура менен иштешип кете ала тургандары дээрлик жокко эсе. Экинчиден, Аскар Акаевге 2005-жылга чейин эч нерсеге кылчактабай аракет кылууга мүмкүнчүлүк берген Конституциянын жаңы редакциясы мындай божомолдордун бир тобуна чекит койду. Кандай болгон күндө да, соңку жылдары системалуулуктан алыс калган кыргыз саясатында кийинки премьер-министрдин атын кесе айтыш мүмкүн эмес. Болгону, бул маселени чечүү мамлекет башчысынын колунда, ал эми парламент ага өз алына жараша таасир гана көрсөтө алат.
XS
SM
MD
LG