Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

УММ КАСР: БАТЫШТЫН КАЙРЫМДУУЛУК ЖАРДАМЫН ЭҢСЕГЕНДЕР


Англисчеден которгон - Тынчтыкбек Чоротегин, Прага Угармандарыбыздын айрымдары Ирак согушунун айрым психологиялык жана башка жагдайлары да берүүңүздөрдө чагылдырылса деген каттарын интернет аркылуу жиберишиптир. Маселен, Ош мамлекеттик университетинин өкүлдөрү Мейликан менен Куштар согуштун моралдык-психиологиялык мүнөзү да терең чагылдырылса деп сурашат. Майдан талаасында жүргөн кабарчыбыз Чарльз Рекнагел болсо – Умм Каср порт шаарындагы оорукана жөнүндө баянын жибериптир. Согуш жалаң гана курал-жаракка тап коюу менен эмес, калайыктын жүрөгүнө из салчу адамгерчиликти жана мээримдүүлүктү көрсөтүү жолу менен да коштолушу керектигин Чарльз төмөнкү баянында баса белгилейт.

Умм Касрдагы оорукана – жада калса мында иштегендер үчүн да коркунучтуу түш көргөндөй таасир калтырат. Эгерде сиз бул жайга тек гана башпагып кетчү киши болсоңуз, өзүңүздү алдын-ала камдап алыңыз.

Ишемби күнү мен оорукананын ирегесин аттап киргенимде, он бир айлык ымыркайдын атасы чүрпөсүн сактап калчу ылаажы тапчу дарыгер болуп жүрбөсүн деп мага үмүттөнө жалдырады. Катуу ооруп калган чүрпөнүн ата-энеси бул жакка аз-Зубайр шаарынан келишкен экен. Оболу алар Басрага жеткен, бирок андагы оорукананын дарыгерлери, ал шаар Саддам Хусейндин аскерлеринин колунда болгонуна карабастан, Батыш аскерлери ээлеп алган Умм Касрга барууну бечара ата-энеге сунушташкан. Анткени, Басрада алиги наристени дарылай турган мүмкүнчүлүк жок болчу.

Наристе кызынын өмүрүн тилеген ата-эне согуш тилкесинен өтүп, өздөрү “баскынчылар” деп атаган аскерлердин колундагы ооруканага жетишти. Умм Касрдагы “Бардык согуштардын энеси” аттуу ооруканада болгону эки дарыгер жана 25 медициналык көмөкчү кызматкер иштейт. Бул жерде алиги наристеге эч жардам көрсөтүлчүдөй эмес.

Мен өзүм менен чогуу жүргөн кесиптештерим менен бирге аз-зубайрдык ата-энени британдык аскер ооруканасына алып келдик. Мындан ич өткөккө каршы жана башка дары-дармекти алдык, бирок мында балдарды карачу адис дарыгер жок болгондуктан, алиги ооруканага кайтып келдик.
Ооруканада иштеген жаш адис, бактериолог Сафаа Халаф дары-дармектер дээрлик түгөнүп калганын, анысы аз келгенсип, оорулууларга жардам бериш үчүн ары-бери чапкылаганда керек болгон мотоциклди кимдир-бирөөлөр уурдап кеткенин айтып кейиди:

- Уурулар ашкана жактагы эшик аркылуу кирип, ооруканага таандык мотоциклди тээп кетишиптир. Анан калса, кескилер кампага да башпагыптыр. Андан дарыгерлер кийчү чапандарды кымтый качышыптыр.

Халафтын айтымында, бул окуя ооруканада иштеп жаткан кызматкерлердин бетине чиркөө болду. Анкени ууру-кескилер жергиликтүү эле бейбаштардан чыкканы анык эле.
АКШ менен Британиянын колбашчылары ирактык калайыктын жүрөгүнө жол табуу үчүн кайрымдуулук жардамын тездетүү керек деп байма-бай айтып жатышат. Бирок мен көргөн ооруканага азырынча эч бир дары-дармектик жардам жеткириле элек.

Жанагы наристенин атасы менден сурады: “Деги чет өлкөлүктөр бизге көмөк кылуу үчүн келиштиби, же алар үчүн мунай гана керекпи?”

Буга жооп берүү үчүн батыштык шериктер ыкчам иш-аракет кылуусу абзел. Алар өздөрүнүн жеңиши ирактыктарга буга чейинкиден да азаптуу болчу каржалткан турмушту эмес, олуттуу жеңилдиктерди алып келээрине карапайым калайыкты ынандырышы керек.

XS
SM
MD
LG