Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:26

Испанияда, Туркияда жана Грецияда миңдеген киши АКШнын Ирак согушуна каршы демонстрацияга чыкты


Мадридде полиция "кечээ 15 миң киши демонстрацияга катышты" деп билдирди, бирок уюштуруучулар мындан алда-канча көп киши келгендигин айтышууда.
Демонстранттар АКШ менен Британиянын Ирак согушун колдогон премьер-министр Хозе Мария Азнардын кызматтан кетишин талап кылышты.
Түркиянын эң ири шаары Истамбулда он миңдеген киши демонстрацияга катышты. Полиция таш ыргыткан демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ чачты.
Грекияда миңдеген демонстрант АКШнын деңиз базасына баруучу жолду тосту. Айрымдары офицерлерди жумуртка, таш менен уруп, базанын аймагына өрт чыгаруучу бомба таштаганда, полиция көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду.
Грекияда ошондой эле НАТОнун Крит аралындагы базасынын сыртында полиция согушка каршы демонстрациянын катышуучулары менен кагылышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG