Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Саддам Хусейн кулатылгандан кийинки пландар талкууланып жатат


АКШнын Коргонуу катчысынын орун абсары Пол Уольфовиц "жаңы ирак өкмөтү аз эле дегенде алты айда түзүлүшү мүмкүн",- деп айтты.
Ирактын оппозициячыл Улуттук Конгрессинин жетекчиси Ахмад Чалаби Саддам кулатылгандан кийин америкалык аскерлер Иракта кеминде эки жыл турушу керек деди.
Ал эми АКШнын таасирдүү сенатору Йозеф Байден "согуштан кийинки өкмөттө Чалабинин Улуттук Конгрессинин үстөмдүк кылышына жол берилбейт" деген үмүтүн билдирди.
"Чын-төгүнү тактала элек, бирок Чалаби жана (анын) Улуттук Конгресси жаңы өкмөттүн 60 пайызын түзөт, калган 40 пайызды да ошолор тандашат деп айтылып жатат. Бул чын болсо, иш чатак,- деди демократ, Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Байден.

XS
SM
MD
LG