Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

ТИЛСИЗ ЖОО САХА МЕКТЕБИНДЕГИ ИРИ КЫРСЫКТЫН СЕБЕПКЕРИ БОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Саха Жумуриятынын алыскы районундагы мектептен өрт чыгып, андан 21 окуучу жана бир мугалим өлдү. Аман калгандардын ичинен дагы он чакты окуучу ооруканага түштү.

Орусиянын жери кенен, эли ар улуттан келет. Өлкөнүн алыскы, Тынч океан тарабындагы кыйырында Саха Жумурияты жайгашкан. Бүгүн эртең менен, Маскөө убактысы боюнча түнкү саат 3 ченде Саханын Вилүй аймагында Сыдыйбал жергесинде кайгылуу окуя болуп, мектептеги өрттүн айынан 21 окуучу жана бир мугалим өлдү. Вилүй улусу Саха элинин баш калаасы Якутскиден 90 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Чер токойлуу жана тундра болуп бөлүнгөн саха жеринин кыртыш алды жайы-кышы дебей тоңуп турат. Түбөлүк тоңголок деп коюучу, мындайча айтканда, жер кыртышынын астынан, куду кыргыздын Алатоосунун башында жаткан түбөлүк мөңгүдөй муз жаткандыктан, сахалардын там-ташы жалаң кызыл карагайдан болот. Кыштан же ылайдан там салса, жай келгенде дубалынан жарака кетип же урап калат. Ошол себептен өрттөн улам ойрон болгон мектептин эки кабат имаратынын керегеси да ашталган карагайдан болчу. Анын спорттук залы да карагайдан болгон жана бул алааматты көргөндөр, капыстан чыккан өрт тез аранын ичинде спотр залдын босогосунан төрүнө өткөнүн белгилешүүдө.

Бул кайгылуу окуя туурасында Саха Жумуриятынын президенттик администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жылыстан Иванов азырынча мындай дейт:

- Өрттүн чыгышынын себеби азырынча тактала элек. Ал туурасында мен так маалымат ала элекмин. Кабар бизге сахалык убакыт боюнча саат тогуздан он мүнөт өткөндө келди. Өлгөндөрдүн саны ушул тапта 22 кишиге жетти.

Жылыстан мырзанын айтканына караганда, ал райондун борбору 20-жылдары курулган эски тамдарга жык. Тилсиз жоо ойрон кылган мектеп ошолордун бири болгон.

Спорттук залдан чыккан өрт эки кабат мектепти күл кылып анан басылган. Аны өчүрүү колдон келген эмес. Өрт өчүрө турган жалгыз топ Вилүй улусунун баш калаасында болгон. Аны менен Сыдыйбал районунун борборунун арасы 30 чакырым экен. Ошондуктан өрт өчүргүчтөргө кабар кетип, анан алар шашылыш жетип келгиче, Сыдыйбал калаасындагы жыгач мектептен эч нерсе калган эмес.

Күбөлөрдүн маалымдашынча, Вилүй улусунун Сыдыйбал аттуу районунун борборундагы орто мектептеги спорт залында жергиликтүү убакыт боюнча саат 9 ченде өрт чыккан. Сабак жаңы башталып, класстарда балдар олтуруп калган кезде башталган өрттөн 5-класстын беш окуучусу, 6-класстан сегиз окуучусу, 8-класстын бир, 10-класстын бир, 11-класстын жети окуучусу набыт болгон.

Өрт жалынынын ичинен алып чыгып куткарылып калган окуучулардын ичинен 12 баланын денеси катуу күйгөндүктөн, алар ооруканага жеткирилген. Өрт чыкканда мектепте башаягы 128 жан болгон.

Орусиянын президенти дүйшөмбү күнү өкмөт мүчөлөрү менен кезектеги жолугушусун өткөрүп атып, Саха элинде болгон бүгүнкү кырсыкка да токтолуп, өкмөттөн алааматтуу өрттөн жабыр тарткан Саха Жумуриятына чукул арада жардам берүүнү өтүндү:

- Якутияда чоң кырсык болду, балдар бөөдө өлүмгө дуушар болушту. Ал кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн өкмөт колдо бар чараны колдонушу керек жана жабыр тарткан ар бир бүлөгө жардам берүү зарыл.

Кызыл тилдүү жоодон жабыр тарткандардын саны эмне себептен мынчалык көп экени тууралуу азырынча эч кандай расмий түшүндүрмө жарыяланган жок.
XS
SM
MD
LG