Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

КОРРУПЦИЯ КОРКУНУЧУ, АКЫЙКАТЧЫНЫН БҮТҮМҮ ЖАНА ИРАКТАГЫ СОГУШТУН ТААСИРИ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Өткөн аптадагы орчундуу окуялар – Коопсуздук Кеңешинин жыйыны, пенсиянын көбөйүшү, район акимдеринин алмашышы жана Ирак согушунун ар кандай өңүттөгү талкууланышы болду.

Өткөн жуманын башында Бишкекте Коопсуздук Кеңешинин жыйыны болду. Президент Аскар Акаевдин төрагалыгы астында өткөн жыйында коррупцияга каршы күрөш жана энергетика тармагын өнүктүрүү маселелери каралды. Жыйында айтылгандарга караганда, Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң продуктунун 20% ашыгын түзөт. Былтыр Башкы прокуратура ар кандай мыйзам бузгандыгы үчүн мамлекеттик кызмат адамдарына карата 217 кылмыш ишин ачып сотко жөнөтсө, сот анын жарымын актап жиберген. Жалпысынан өткөн жылы 2197 экономикалык кылмыш катталган. Ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун айтымында, мамлекеттик бийликте азыр пара алуу жана опузалап акча алуу күч алып, бул боюнча салык жана бажы кызматкерлери алдыда.

- Акыркы кезде коррупцияга салык чогултуучу органдардын кызматкерлери улам көбүрөөк тартылууда. Салык жана бажы системасында 38 кылмыш ачыкка чыккан, алардын ичинен паракорлуктун 11 фактысы жана кызмат абалынан кыянат пайдалануунун 8 фактысы катталган, - дейт Бакирдин Субанбеков.

Бул маселелерди чечүү масатында Коопсуздук Кеңеши коррупцияга каршы күрөш боюнча улуттук стратегия кабыл алды. Аны ишке ашырыш үчүн Мамлекеттик бюджетти ак ниет башкаруу боюнча улуттук кеңеш түзүлдү.

Баңгилик менен күрөш боюнча эл аралык комитеттин отчетундагы маалыматка караганда, 2002-жылы Ооганстанда 3,5 миң тоннага жакын апийим өндүрүлгөн. Ал эми Кыргызстан аркылуу жылына орто эсеп менен 30 тоннадан ашуун баңгизат ташылат. Жетиштүү каражаттын жоктугунан тартип коргоо органдары анын 1% араң кармашат. Ушул себептүү келечекте Кыргызстанда Баңгизаттарды өндүрүүгө жана мыйзамсыз ташууга каршы күрөш боюнча агенттик түзүлөт. Ал БУУ жана башка эл аралык уюмдар тарабынан каржыланат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тышкы инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, өлкөнүн энергетика тармагында да мүчүлүштүктөр көп. Бул тармак былтыр өндүргөн продукциясынын 36% жоготкон. Электр энергиясын экспорттоонун көлөмү 2001-жылга салыштырмалуу 2 эсе төмөндөгөн. Электр бөлүштүрүү тармактарынын дебитордук карызы 2 миллиард сомдон ашып кеткен. Бирок энергетика маселесин оңунан чечүүгө өкмөт тарап аракет көрбөй жатат деп айтыш да кыйын. Атап айтканда, Казакстандын «Борбордук Азия - Интергаз» ишканасы менен «Кыргызгаз» акционердик коому Кыргызстандын түндүк аймагын, ошондой эле Казакстандын Жамбыл жана Алматы облустарын жаратылыш газы менен камсыз кылган газ түтүктөрүн оңдоо боюнча келишимге кол коюшту. Келишим боюнча Казакстан тарап Кыргызстандын аймагындагы газ түтүктөрүн оңдоого 322 миң доллар өлчөмүндө жардам берет. Оңдоо иштери быйыл башталат.

Кандай болгон күндө да өлкөнүн экономикасындагы ушундай өксүк жагдайлар азыркы өкмөттү дагы бир топ кыйначудай. Кыргызстандын ири ишканаларынын бири болгон Кадамжай сурьма комбинаты сурьма концентратынын жоктугуна байланыштуу өз ишин убактылуу токтотту. Комбинатты мындай чийкизат менен СССР доорунан бери камсыз кылып келаткан Тажикстан сурьма концентратын кымбат баада Кытайга сатып, Кыргызстанга берүүдөн баш тарткан. Аны Орусиянын Саха Республикасынан алуу боюнча сүйлөшүүлөр Кыргызстандын жогору даражалуу кызмат адамынын орусиялык тарап менен тил табыша албаганынан улам токтоп калган.

Жазгы талаа жумуштарына даярдык да ойдогудай деп айтуу кыйын. Өлкөдөгү айыл чарба техникасынын 80% ашууну өнөктүккө даяр болгон менен, күйүүчү майдын зарыл болгон корунун 50%, жер семирткичтердин 30% гана топтолгон. Зарыл болгон 49 миң тонна үрөндүн 45 миң тоннасы бар.

Ушундан уламбы, же башка да себептери барбы, айтор 1-апрелде президент Аскар Акаев Бишкектин райондук акимдерин алмаштырып дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Премьер-министр Николай Танаевдин акыркы буйруктарына ылайык бир катар райондордун орун басарлары да орун которушту. Ал эми өлкө боюнча акыркы бир ай ичинде президент Аскар Акаевдин жарлыктарына ылайык 18 райондук мамлекеттик администрация башчылары орун алмашты.

Антсе да жазгы каатчылык учурунда, 1-апрелден тартып Кыргызстанда пенсиянын көлөмү 5%тен 15%ке чейин жогорулады. Ага негиз берген жардыкка президент А. Акаев 28-мартта кол койгондугун дүйшөмбүдө Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Орозмат Абдыкалыков билдирди. Пенсиянын жалпы көлөмү 603 сомдон 659 сомго жогорулады. Кыргызстанда 516 миң пенсионер бар. Пенсияны төлөш үчүн эми айына орто эсеп менен 29 миллион сом керек болот.

Мындан тышкары, өкмөт өкүлдөрү эл арасында нааразылык жараткан экономикалык саясатты түшүндүрүүгө аракет кылууда. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, салык реформасы өнөктөш өлкөлөргө ыңгайлашуу жана рынок экономикасынын талаптарына жооп берүү максатын көздөйт. Анын чегинде Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга салыкты азайтуу, дары-дармекке салыктарды алып салуу, кыймылсыз мүлккө, айыл чарба азыктарын сатууга салык киргизүү өңдүү иштер аткарылды. Мындан ары өкмөт автожолго, өзгөчө кырдаалдарга байланышкан салыктарды алып салуу максатын көздөп жатат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы «Моя столица» гезитинин кабарчысы Рина Приживойттун арызын териштирген Кыргызстандын Акыйкатчысы гезиттин пайдасына бүтүм чыгарып берди. Анда айтылганга караганда, Бишкек шаардык жана Ленин райондук соттору жоопкер келтирген далилдерди толук эске албай «Моя столица» гезитинин журналисти Рина Приживойттун укугун бузган чечим кабыл алган. Анткени америкалык «Петровск» корпорациясы жана анын өкүлчүлүгү Кыргызстандын аймагында 2000-жылдын биринчи мартынан 2002-жылдын 24-январына чейин өз ишмердүүлүгүн мыйзамсыз жүргүзгөн. Былтыр Р. Приживойт америкалык «Петровск» корпорациясы Юстиция министрлигинен каттоодон өтпөстөн Кыргызстандын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгү тууралуу макала жазган. Сот жараянынын жүрүшүндө юстиция министринин орун басары Эркинбек Мамыровдун бул корпорация министрликтен каттоодон өтпөгөндүгү тууралуу каты көрсөтүлгөн.

Ушул жумада бийлик органдарынын өкүлдөрү сот органдары аркылуу айыпка жыгылган дагы бир сейрек окуя болду. Талас районундагы Орталык айылынын тургуну Мира Шайылдаеванын арызынын негизинде райондун акиминин орун басары Байрак Сейдибалиевдин үстүнөн Кылмыш-Жаза кодексинин 127, 128-беренелери боюнча кылмыш иши ачылган эле. Анткени акимдин орун басарына «массалык маалымат каражаттырында таратылган материалдарда Мира Шайылдаевага жалган жалаа жапкан жана аны элдин көзүнчө мазактаган» деген күнөө коюлган. Материалдарды иликтөө учурунда акимдин орун басары арыз ээсинин үстүнөн ушак, жалган жалаа тараткандыгы аныкталган жок. Бирок, акимдин иш кабинетинде Б. Сейдибалиев М. Шайылдаеваны элдин көзүнчө мазактагандыгы анык болуп, жергиликтүү сот акимдин орун басарын 128-берененин негизинде айыптуу деп таап, 2 миң сом айыпка жыкты.

Президент Аскар Акаев Финляндияга иш сапары менен барып келди. 3-апрелде кыргыз президенти Хельсинкиде Финляндия президенти Тарья Халонен айым менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка, эл аралык коопсуздукка жана Ирактагы согушка байланышкан маселелерди талкуулашты. Ушул эле күнү кош салыкты жоюу жана инвестицияларды коргоо боюнча эки макулдашууга кол коюлду. Кыргызстан менен Финляндиянын ортосундагы сооданын өлчөмү 2001-жылкы 1,5 миллион долларды түзүп, 2002-жылы 4,7 миллион долларга жеткен.

Ал арада Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл АКШ Конгрессине 31-мартта сунуштаган «Дүйнөдөгү мамлекеттердин адам укуктар жаатындагы 2002-жылдагы практикасы» деген докладында Кыргызстанды «массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүп, жергиликтүү шайлоодо мыйзам бузууга барды» деп сындады. Ал эми АКШнын президенти Жорж Буш бул өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигине Стивен Янгдын талапкерлигин сунуш кылды. Азырынча Стивен Янг - АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кытай жана Монголия боюнча бөлүмүнүн директору.

Кыргызстанга Ирак согушу ар кандай таасир тийгизүүдө. Атап айтканда, Укук коргоо кыймылынын лидери Турсунбек Акун карапайым адамдардын укугун коргош үчүн Иракка барууга даярдана баштаганын маалымдады. Кыргызстандын профсоюздар кеңеши Ирактагы согушка каршы чыгып, эл аралык профоюздар кыймылына кайрылуу жолдоду. Ал эми Адам укуктары жана эркиндиги институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев Иракка каршы согушту баскынчылык деп атаган туура эмес деген мааниде билдирүү жасады:

- Бул согуштун максаты - Саддам Хусейндин диктатордук бийлигин жана анын колундагы жалпыга кыргын салчу химиялык куралды жок кылуу. Эң негизгиси - Ирак элине жардам берип, аны эзүүдөн куткаруу.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы «Эксперт» аттуу консалтинг агенттигинин сурамжылоосуна караганда, Бишкек менен Ош шаарынын Ирактагы согуш боюнча сурамжыланган тургундарынын 43% «согуш мунайдын айынан чыкты» деген пикирде. «Кошмо Штаттар Саддам Хусейндин тоталитардык бийлигин кулатууну чындап эле көздөп жатат» деген ойду алардын 9,5% гана колдогон. Ушул эле агенттиктин башка бир иликтөөсүнө ишенсек, бул согушка байланыштуу азыр кыргызстандыктардын 50% өз каражатын сом түрүндө, 30% евро, 17% доллар түрүндө сактоого өттү.

Ирак согушунун башталышы менен Жалалабадда «Хизбут-Тахрир» уюму да өз ишмердүүлүгүн күчөттү. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ирактагы согушка каршы үгүт баракчаларды тараткан «Хизбут-Тахрир» партиясынын 13 өкүлүн колго түшүрүштү. Алардан жалпы мусулмандарды Ирактагы согушка каршы үндөгөн кыргыз, орус, өзбек тилдериндеги 200 жакын баракча жана араб тилиндеги адабияттар алынган. Колго түшүрүлгөндөргө карата кылмыш иши козголду.
XS
SM
MD
LG