Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:48

Түркия Түндүк Ирактык күрттөргө эскертүү жасады


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Ирактын мунайга бай шаарлары Мосул менен Киркукту ирактык күрттөр ээлесе эле, түрк аскерлери Түндүк Иракка кирет деп эскерткенин Анадолу жаңылыктар агенттиги кабарлады.
Эрдогандын айтымында, Ирактын бүтүндүгү сакталып, Мосулдагы жана Киркуктагы мунай кендерин күрттөр басып албаса, түркиялык аскерлер Түндүк Иракка киргизилбейт.

Ырасмий Анкара Ирак күрттөрүнүн мунай кендерин ээлөөсү, аларды көз карандысыз мамлекет түзүүгө шыктандырып, Түркиялык күрттөрдү эгемендик күрөшүнө түртөт деп кооптонот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG