Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Согуштан соңку Иракты башкаруу маселеси Белфаста талкууланат


АКШ президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Тони Блэр бүгүн Түндүк Ирландияда кездешип, Бириккен Улуттар Уюмунун согуштан кийинки Ирактагы мүмкүн болчу ишмердүүлүгүн талкуулашат.
Британиянын коргоо министри Жэф Хун бүгүн согуштан кийинки Иракты Улуттар Уюмунун башкаруусун Лондон “ачыктан ачык” каалайт деп билдирди.
АКШ жетекчилиги Улуттар Уюмунун Саддамдын режими талкалангандан кийинки Ирактагы ролун танбайт, лекин азыр Иракта согушуп жаткан өлкөлөр негизги миссияны аткарыш керек деп санайт.
АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж согуштан кийинки Ирак боюнча Лондон-Вашингтон ортосундагы карама-каршылыкты жымсалдап, Белфастагы кездешүү тараптардын көз карашында “жалчыбаган айрыма бар экенин көрсөтөт” деген пикирин билдирди.
АКШнын коргоо министринин орун басары Поль Волфовиц кечээ билдиргенге караганда, Саддам кулатылгандан кийинки Ирактын өткөөл өкмөтүн түзүүгө жарым жыл убакыт керек болот.
Буш жана Блэр Бельфастын четинде өтүүчү кездешүүдө Израил-Палестин чатагын жөндөөнүн жолдорун да талкуулашат.

XS
SM
MD
LG