Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Өнөгөсүз өпкө ооруусу 100 адамдын өмүрүн алды


Гонконгдун ооруканалары апрелдин аягына өнөгөсүз өпкө оорусу - “SARS” вирусу жуккан 3 миң адамды кабыл алууга даярданууда.
Дүйнөнүн 30дан көп өлкөсүндө бул илдетке 2 700дөй адам чалдыгып, бүгүнгө карай Кытайда 53 адам, Гонконгдо 22, Канадада 9, Сингапурда 8, Вьетнамда 4, Тайландда 2 жана Малайзияда бир адам болуп, бардыгы 100 адам көз жумду.
Сингапурдун премьер-министри “SARS” илдетине же өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу өлкөнүн экономикалык өсүү планы кайра каралат деп эскертти.
Кытай бийликтери “SARS” вирусу жуккан адамдардын саны 1268ге жетти деп билдирди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Гро Харлем Кытай бийликтерин коркунучтуу илдет оболу катталаар замат ал жөнүндө маалымдабады деп сындады.
Кошмо Штаттарында өлкөнүн саламаттыкты сактоо кызматы 115 адамга өнөгөсүз өпкө оорусунун вирусу жуккан болушу ыктымал деп кооптонууда.

XS
SM
MD
LG