Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Саддамдын бөлөсү “Химик - Али” тирүүбү же жокпу?


Ирактагы британиялык аскерлер Басра шаарында “Химик Али” деген лакап ат менен белгилүү ирактык командир Али Хасан Мажиддин жасаты табылганын билдиришти.
Майор Эндрю Жексондун билдиришинче, президент Саддам Хусейндин бөлөсү Али Хасан Мажиддин өлүгү менен чогуу анын сакчысынын жана Ирактын чалгындоо кызматынын башчысынын денелери табылган. Саддам жакында Мажидди Ирактын түштүгүн коалициялык аскерлерден коргогон күчтөрдүн командачысы кылып дайындаган.
Британиянын коргоо министри Жэфф Хун Мажиддин жума күнү түн ичинде болгон рейд учурунда өлтүрүлгөнүн ырастаган айныгыс далилдер бар экенин билдирди:
- Али Хасан Мажиддин тагдыры жөнүндө айтсак, бизде анын жума күнү түн ичинде жасалган чабуул учурунда өлтүрүлгөнүн ырастаган айрым айныгыс далилдер бар. Бирок, мен аны өлдү деп ишенимдүү айта албайм.
Саддамдын каршылаштарынын ырасташынча, 1998-жылы миңдеген күрттөр Мажиддин буйругу боюнча газ менен ууландырылып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG