Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

АКШлык танктар Багдаддын ичине жортуул жасады


АКШ армиясынын өкүлүнүн билдиришинче, дүйшөмбү күнү таңга жуук америкалык күчтөр Тигр дарыясынын Багдадды аралай өткөн бөлүгүндөгү Ирак президенти Саддам Хусейндин адеми сарайына чабуул коюп кирип барышкан жана анын башка дагы 2 сарайына чабуул жасашкан.
АКШлык танктар болсо Ирактын маалымат министрлигин жана Багдаддын ортосундагы “Рашид” мейманканасын кыска мөөнөткө курчоого алышкан.
АКШнын борбордук командачылыгын өкүлү капитан Фрэнк Торп аскерлер Багдаддын ичине “танктардын жортуулун” жасады деп билдирди:
- Багдад аркылуу танктар жортуул жасап келишкенин сиздерге кайрадан айтам. Биз тынч турушубуз абзел. Алдыда али көп катаал салгылашуулар бар жана бул (жортуул) коалициялык күчтөрдүн (Саддамдын) режимин кулатуу үчүн жасаган бир кадамы болду.
АКШлык күчтөрдүн Катардагы командалык борборунун өкүлү, америкалык генерал Винсент Брукстун айтышынча, америкалык күчтөрдүн Багдаддын ичине кирүүсү, президент Саддам Хусейндин баш калааны көзөмөлдөй албай калганын көрсөтөт.
Ирак сыналгысы бүгүн президент Саддам Хусейн өлкөнүн аскерий жана саясый жетекчилери менен өткөргөн жыйынды көрсөттү.
Жыйынга вице-президент Таха Ясин Рамадан, коргоо министри Султан Хашем Ахмед жана башка адамдар катышты.
Видеотасманын качан тартылганы беймаалым.
Кабарчылардын билдиришинче, Багдаддын түштүк бөлүгүндөгү америкалык аскерий бөлүктүн тактикалык операциялар борборуна тийген ракетадан эки жоокер менен эки журналист өлдү, 15 адам жарадар болду.
АКШлык командир, майор Майк Бирминхамдын кабарчыларга билдиришинче, эки жарадардын абалы оор.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG