Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:45

Мыйзам чыгаруу жыйыны парламенттин регламентин кароону улантты


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кароого кайрадан киришти. Бүгүн депутаттар 12 беренени карап кабыл алышты. 45-берене, башкача айтканда жаңы шайланган парламенттин алгачкы отурумун ким ачаары өзгөчө кызуу талаш-тартыш жаратты. Бул маселени талкуулоо шейшемби күнү улантылат. Калган беренелерди кароонун жүрүшүндө башка депутат үчүн добуш берген депутаттарга каршы көрүлө турган чаралар күчөтүлдү жана кворумду камсыз кылуу депутаттар менен катар төраганын да милдети болуп калды. Регламентти кароо улантылууда.

XS
SM
MD
LG