Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Жугуштуу ооруга каршы чара көрүлүүдө


БИШКЕК. «Кытайдын өпкө кагыны» деген ат менен дүйнө жүзүнө тарап аткан жугуштуу дартка каршы чара көрүлүүдө. Бул туурасында бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиев кабарлады. Анын айтымында, азыр аба майдандарында, темир жол станцияларында, автовокзалдарда жана базарларда бул ооруга чалдыккан өңдүү шектүү киши болсо элден дароо бөлүп, дарылай турган жайлар даярдалды. Бирок ал ооруну кандай дары-дармектер менен дарылоо керек экендиги эмдигиче дайын эмес. Ушуга байланыштуу ал жерлер биринчи жардам көрсөтүүгө зарыл болгон дары-дармектер менен эле жабдылып, жалпы коопсуздук чаралары көрүлдү.

XS
SM
MD
LG