Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Кыргызстанда Ден соолук күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн - Бүткүл дүйнөлүк Ден соолук күнү. Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиевдин айтымында, ал быйыл «Балдардын жакшы жашоосуна ыңгайлуу шарт» деген теманын алдында белгиленүүдө. Кыргызстандагы балдардын 4,4% оорулуу. Алардын 80% аз ооруйт, ал эми 12,6% такай ооруй турган балдар экендиги аныкталган. Балдардын саламаттыгына айлана-чөйрөнүн булганышы, баңгилик, аракечтик жана тамеки тартуу өз кесепетин тийгизүүдө. Андан да таза суу менен камсыз кылуунун начардыгынан улам алыскы, тоолуу райондордогу балдар аз кандуулук жана богок оорусуна көп чалдыгып жатышат. Ушундан улам Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФ жана Азия Өнүктүрүү Банкы менен бирдикте тузду йод, унду темир менен аралаштыруу долбоорун ишке ашыра баштагандыгын ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Ричард Янг кабарлады.

XS
SM
MD
LG