Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Айылдык кеңештерге шайлоо жаңы Конституцияга ылайык болот


БИШКЕК. Быйыл 19-октябрда Кыргызстандагы айылдык, кыштактык, районго баш ийген шаардык кеңештерге жана Бишкек шаар кеңешине шайлоо болот. Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматкери Нина Мухинанын бүгүнкү түшүндүрмөсүнө караганда, бул Конституциянын жаңы редакциясынын 95-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жобого ылайык жүргүзүлөт. Анткени «Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзамда «мурдагы Конституциянын негизинде шайланышкан жана дайындалышкан президент, Жогорку Кеңештин кош палатасынын депутаттары, Башкы прокурор, соттор, Борбордук шайлоо комиссиясы, Эсептөө палатасы жана өкмөт мурдагы калыбында иштейт» деп жазылган. «Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү» мыйзамда айылдардын, кыштактардын, районго баш ийген шаарлардын жана Бишкек шаарынын кеңештеринин депутаттары тууралуу айтылбаган соң, аларга шайлоону быйыл өткөрүү чечими кабылданган. Аталган кеңештерге шайлоо 1999-жылдын 17-октябрында болгон.

XS
SM
MD
LG