Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:05

Улуттук Банк Эсеп-аманат компаниясын өкмөткө өткөрүп берди


БИШКЕК. Кыргызстандын Улуттук Банкы 1-апрелден тартып Эсеп-аманат компаниясын өкмөткө өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн компаниянын башкы директору Руслан Акматбеков кабарлады. Анын маалыматына караганда, мындай аракет «Улуттук Банк жөнүндөгү» мыйзамдын талабына ылайык жасалды. Анткени анда « Улуттук Банк банкка ээлик кыла албайт жана банктардын ишине катыша албайт» деп жазылган. Улуттук Банктын банктарга көзөмөл салуу башкармасынын башчысы Нурланбек Тынаевдин айтымында, Эсеп-аманат компаниясынын 100 миллион сомдук акциясын өкмөт өткөрүп алып, анын башкармасын түздү. Эми ал компаниянын мындан аркы өнүгүү стратегиясын иштеп чыгат. Анын акция акысы үчүн өкмөт 100 миллион сомдук мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгарып, Улуттук Банкка берди. Эсеп-аманат компаниясы 1996-жылы түзүлгөн жана азыр анын өлкө боюнча 48 филиалы,18 сактык, 35 көчмө кассасы, 500 миллион сомдук активи бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG