Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:03

КЕСИПТИК БИРИКМЕЛЕР КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ САЛЫК БОЮНЧА КЕПИЛДИК КҮТҮШӨТ


Кыймылсыз мүлккө cалыктын кириши калктын жарды катмарынын жашоо-тиричилигине терс таасирин тийгизбейби? Кыргыз өкмөтү салыктын киришине байланыштуу кандай социалдык кепилдиктерди бере алат? Ушул жана башка маселелерди 7-апрелде Кыргызстандын Кесиптик бирикмелер федерациясынын жамааты өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусунда талкуулады.

Кыймылсыз мүлктөн салык алууну камсыздаган “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзамды Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 28-мартта кабыл алган. Көпчүлүк байкоочулар муну менен мыйзамдын негизги тоскоолдуктан өткөнүн баса белгилешүүдө. Ошондой болсо да мыйзам Эл өкүлдөр жыйынынын жана президенттин макулдугун алгандан кийин күчүнө кириши керек. Эл өкүлдөр жыйыны болсо мыйзамга өз пикирин айтыш үчүн 8-апрелге чукул сессия чакырды.

Калк ичинде салыктын бул жаңы түрү көптөгөн бүдөмүк пикирлерди жана суроолорду жаратууда. Ушундан улам Кесиптик бирикмелер федерациясы финансы министри Болот Абилдаев менен Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинин башчысы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиевдин катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул Кесиптик бирикмелер федерациясынын кыймылсыз мүлккө салык маселесине экинчи ирет үн кошуп жатышы. Биринчи ирет Жогорку Кеңешке жолдогон кайрылуусунда федерациянын кеңешинин 21 мүчөсү салыктын бул жаңы түрү жумушсуздукка жана банкроттукка алып келээрин эскертип, кыймылсыз мүлккө салык киргизүүнүн эртелигин белгилеп, өз сунуштарын жолдогон.

Бул жолугушууда федерация өкүлдөрү министрлердин мыйзамга карата негиздемелерин угушту. Алар тышкы карыздан кутулуу жана жергиликтүү бюджетти колдоо максатында кабыл алынган мыйзамды ишке киргизиш үчүн дагы кылдат аракеттер керек экендигин белгилешти. Кыргызстандын Кесиптик бирикмелер федерациясынын төрагасы Сагын Бозгунбаев буларга токтолду:

- Биздин өкмөт менен башкы макулдашуубуз бар. Биз бейкут өлкө, жарандык макулдук болгон шартта гана өкмөттөн социалдык маселелер боюнча толук талап кылууга болоорун түшүнөбүз. Бул салык кандай болгон күндө да жумушчу орундарга азыр кыйыр түрдө, кийинчерээк түздөн-түз таасир этет. Ушудан улам бул маселе уюмдардын тынчын кетирип жатат.

Көпчүлүк кесиптик бирикмелердин жетекчилерин бул маселе боюнча ишенчиликтүү кепилдиктердин жоктугу тынчсыздандырууда. Маселен, жаңы кирип аткан мыйзамда кыймылсыз мүлктү баалоочу комиссияга, салыктан бошотулуучу мүлктүн тизмесине, салык наркынын чектерине байланышкан маселелер бүдөмүк бойдон турат. Лидерлердин бири, Өнөр жай, коммуналдык тейлөө жана ишкердик тармак кызматкерлеринин кесиптик бирикмелеринин борбордук комитетинин төрагасы Вениамин Срулевич бул боюнча мындай дейт:

- Мыйзамда салыктын чеги 500 миң сом делип, анын 0,35% салык катары кармалаары айтылат. Бирок, жарым жыл, бир жыл же эки жылдан кийин салык алуучу кыймылсыз мүлктүн чектелген наркы 200 миңге чейин жетип, анын 1,5%на чейинкиси салык катары алынбай тургандыгына кепилдик кайда? Мунун баары суроо бойдон турат. Ошондуктан, мындан ары мунун баарын өтө кылдат, кунт коюу менен карап чыгыш керек.

Кесиптик бирикмелердин жетекчилери, мындан тышкары, салыктарды көбөйтүү менен бирге маянага маани бербей жатканы үчүн өкмөттү сындады. Натыйжада азыр минималдык айлык акы 100 сомдон ашпаган бойдон турат. Бирок, финансы министри Болот Абилдаевдин пикирине караганда, тышкы карыздан кутулмайынча, тарифтерди кайра кароого бюджеттин чамасы жетпейт:

- Эгер биз келерки жылдын 30-сентябрында аяктай турган үч жылдык программаны аткарсак, Кыргызстандын 450 миллион доллар карызын кечүүгө шарт түзүлөт. Бул бир жылдык бюджеттен көбүрөөк каражат.

Министрдин айтымында, карыздардан жеңилдегенден кийин гана тарифтерди көтөрүү сыяктуу жагдайларды жөнгө салууга шарт түзүлөт. Бул болжол менен 2007-жылга туура келет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG