Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

«МАНАС» ПРОГРАММАСЫ КАНДАЙ ИШТӨӨДӨ?


Дүйнөнүн башка мамлекеттериндей эле Кыргызстанда да 7-апрель - Эл аралык саламаттык сактоо күнү деп белгиленди. Өлкөдө мындан 7 жыл мурда саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча «Манас» программасы кабыл алынган. Анын аткарылышы боюнча жакында өткөн жыйында «Манас» программасына президент Аскар Акаев «кыргыз керемети» деп баа берген. Бирок мамлекет башчысынын андай пикирин ашыкча мактоо деп санагандар да бар. Себеби, соңку жылдары өлкөдө кургак учук, безгек, СПИД жана баңгилик сыяктуу оорулар күч болуп, ошондон улам «Манас» программасы өзүн актаган жок деген пикирлер да айтылып келет.

7-апрель - Эл аралык саламаттык сактоо күнүнө карата бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиев, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Ричард Янг журналисттерге калктын ден-соолугун чыңдап, оорулуулардын санын азайтуу боюнча кандай иштер аткарылып жатканы тууралуу маалымат беришти.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Аалиевдин айтымында, тармакты реформалоонун «Манас» программасынын алкагында көптөгөн жылыштар болгонуна карабай, ушу тапта Кыргызстанда кургак учук, баңгилик, СПИД, аз кандуулук, йоддун жетишсиздиги сыяктуу оорулар күч болуп турат.

- Кургак учук менен ооругандардын саны, чындыгында, жылдан жылга көбөйүп баратат, - дейт Гүлжигит Аалиев. - Ошол эле учурда былтыркы 2002-жылы айрым райондордо бул илдетке чалдыккандардын саны азайды. Кургак учук менен дарылануу оорукчан адам тамакты күчтөп ичкенде гана оң натыйжа берээри аныкталган. Ушул себептен жакында кыргыз өкмөтүнүн токтому чыгып, ага ылайык кургак учук менен ооругандарга дарылануу маалында күн сайын тамак-ашына 56 сомдон, ал эми дары-дармегине 45 сомдон бөлүү каралды.

Өткөн 2002-жылы Кыргызстанда жугуштуу оорулардын эң коркунучтууларынын бири - безгек оорусу күч болду. Бул дарттын алдын алуу максатында, министр орун басарынын айтымында, Ош облусунун аймагында атайын борбор ачылды:

- 2002-жылы безгек оорусу Ош, Баткен жана Жалалабад облустарында күчөп кетти. Жаздын келиши менен биз бул оорунун алдын алуу максатында ал жакка штаб ачып жатабыз.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Ричард Янгдын айтымында, кыргызстандыктардын 26% йоддун жетишсиздигинен жапа чегишет.

- Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду, Азия Банкы жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте иоддун жетишсиздиги жана аз кандуулук ооруларын азайтуу боюнча иш жүргүзүп келатабыз. Бул үчүн туздагы, ундагы иоддун, тамак-аштагы темирдин санын көбөйтүү аракетиндебиз. Бул маселе – элдин күчтүүлөп, сапаттуу тамактанышына да жараша болот.

Көз карандысыз талдоочулар Кыргызстанда СПИД, баңгилик, безгек, аз кандуулук, иоддун жетишсиздиги сыяктуу оорулардын күчөшүнө макталып келаткан «Манас» программасы жакшылап туруштук бералбай атканын айтышууда. Программанын алкагында саламаттык сактоо тармагын тегиз реформалап, анын негизинде, ашыкча деп табылган ооруканалардын санын азайтуу, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун киргизүү, оорулууларга чукул жардам көрсөтүүнүн сапатын арттыруу сыңары бир катар максаттар коюлган болчу.

Бул үчүн Дүйнөлүк Банктан биринчи транш катары 20 миллион доллар өлчөмүндө кредит алынган. Мына ушул миллиондор сарпталгандан кийинки саламаттык сактоо тармагынын абалы кандай?

Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаевдин айтымында, «Манас» программасынын алдыга койгон максаттары албан болгону менен, аткарылган иштердин көлөмү жана сапаты көңүл тойгузбайт:

- «Манас» программасы эмне себептен пайда болду? Биз пландоо системасынан эркин соода экономикасына өтүшүбүз керек болду. Ошондон улам саламаттык сактоо тармагынын ашыкча чыгым талап кылган «жүктөрүнөн» кутулуш керек эле. Ал үчүн бир катар ооруканаларды кыскартып, үй-бүлөлүк дарыгерлер системасынын майнаптуу ишин камсыз кылуу зарыл эле. Натыйжасы кандай болду? Мен программаны «кыргыз керемети болуп калды» дегендей мактоо сөздөргө кошула албайм. Себеби кемчиликтер оголе көп. Алардын эң орчундуусу – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун институту толук турмушка кирип, майнаптуу иштеп кеткен жок.

Ташболот Балтабаев өзгөчө айыл жерлеринде «тез жардам» кызматтарынын таптакыр жоюлуп кеткендигин белгилеп, бул кызматты калыбына келтирүү «Манас» программасынын негизги максаттарынын бири болчу дейт.

- Биздин «тез жардам» системабыз мурдагыдан да начарлап кетти. Бул жеке эле менин пикирим эмес. Мына жакында Саламаттык сактоо министрлигинде жыйын өтүп, мына ушул кызматты калыбына келтирүү боюнча министрликтин белдүү кызматкерлери да курч пикирлерин айтышты, – деп сөзүн жыйынтыктады Ташболот Балтабаев.

Жогорку Кеңештин башка бир депутаты, медицина илимдеринин доктору Ишенбай Молдоташевдин пикиринде, программанын алдыга койгон максаты жакшы болгону менен, анын ийгиликтүү ишке ашырылышына казынадан бөлүнчү каражаттын аздыгы жолтоо болду.

- Президент Аскар Акаев программаны «кыргыз керемети» деп да айтып кетпедиби. Чындыгында, жалпы көздөгөн максаты дурус, бирок аны аткарыш үчүн каражат керек. Дүйнөлүк Банк бөлгөн каражаттан тышкары да көп нерсе Кыргызстандын өзүнүн бөлө турган акчасына жараша болмок. Ошондон улам республикалык казынадан акча толук берилбей, реформа ара жолдо калды десек болот, - дейт Ишенбай Молдоташев.
XS
SM
MD
LG