Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:06

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ДҮЙНӨДӨ 20 ЖУРНАЛИСТ ӨЛТҮРҮЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети 31-марта өзүнүн бир жылдык отчетун жарыялады. Андагы маалыматтарга караганда, өз кесиптик милдетин аткарып жүргөн учурда 2002-жылы дүйнөдө 20 журналист өлтүрүлгөн жана 136 журналист камалган.

Былтыр өлтүрүлгөн журналисттердин саны - 20 адам. Бул 2001-жылдагыга караганда аз, мурдагы жылы дүйнөдө 37 журналист өлтүрүлгөн. Бирок камакка алынган журналисттердин саны өтө көп. Комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Алекс Лупистин айтымында, бул жагдай эл аралык коомчулукту өтө тынчсыздандырат: "2002-жылдын аягына карата дүйнө мамлекеттеринде 136 журналист абакта отурган, бул сан 2001-жылдагыга караганда 15 пайызга, ал эми 2000-жылдагы санга караганда 68 пайызга көп - ал жылы 81 журналист камакка алынган. Эң көп журналистти абакка отургузган өлкө катары төрт жыл удаасы менен Кытай биринчи орунда келатат. Өткөн жылы Кытайда беш жаңы журналист камакка алынды жана жылдын аягында эркинен ажыратылган журналисттердин саны өлкөдө отуз тогузга жетти".

Өткөн жылдын дагы бир өзгөчөлүгү - курман болгон журналисттердин көпчүлүгү тиги же бул согуш же башка жаңжал учурунда эмес, жазган макалалары үчүн өч алуу иретинде өлтүрүлгөн. Андай учурлар Колумбия, Орусия, Пакистан жана Филиппинде болгон. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, өткөн жылы бир топ өлкөнүн жетекчилиги журналисттерди куугунтуктоону улуттук коопсуздукту бекемдөө шылтоосу менен жасаган. Мисал үчүн, Орусиянын жетекчилиги Чечен согушу тууралуу өкмөткө жакпаган маалымат таратуу мүмкүнчүлүгүн дээрлик жокко чыгарды жана өткөн жылдын октябр айындагы театр барымтасы жөнүндөгү маалыматтарды дагы өзүнүн катуу көзөмөлүнө алган.

Мурдагы советтик жумурияттарды алсак, Лупистин пикиринде, эң начар абал өткөн жылы Түркмөнстан, Беларус жана Казакстанда болду: "Журналисттер үчүн Түркмөнстанда үрөй учурарлык абал түзүлгөн. Бул өлкөдө азыр көз карандысыз журналистика бар экендиги тууралуу бизде эч кабар жок. Беларустагы абал да өтө начар. Президент Александр Лукашенкага карата сын пикир айткан бир нече журналист өткөн жылы камакка алынды. Казакстанда дагы өткөн жылы сөз эркиндиги кыйроого учурады, анткени бийликке сын айткан журналисттерге каршы өкмөт тарабынан кеңири кампания башталды".

Өткөн жылы Орусияда үч журналист - Ростов-Дон шаарындагы Наталья Скрыль, Тольятти шаарындагы Валерий Иванов жана Чеченстанда иштеп жүргөн британиялык оператор Родди Скотт өлтүрүлгөн. Дагы бир журналист - Смоленск шаарындагы Сергей Калиновскийдин өлүмү эмнеден болгондугу толук такталбай жатат. Армения менен Беларуста дагы бирден журналист өлтүрүлгөн, бирок Тигран Нагдалян менен Михайло Коломиецтин өлүм себептери да толук тактала элек.

Андан тышкары, өткөн жылы Беларус менен Өзбекстанда үчтөн, Казакстан менен Орусияда бирден журналист камакка алынган жана Комитеттин айтымында, алар өз кесиптик милдетин аткарганы үчүн абакка отургузулган. Алардын ысымдары: Беларуста - Микола Маркевич, Павел Мажейка жана Виктор Ивашкевич, Өзбекстанда - Мухаммад Бекжанов, Юсуф Рузимурадов жана Мажид Абдураимов, ал эми Казакстан менен Орусияда камакка алынгандар - Сергей Дуванов менен Григорий Пасько.

Аны менен катар өткөн жылы кээ бир жумурияттарда оң жылыштар да болду. Мисал үчүн, Өзбекстанда цензура расмий түрдө жоюлду, ал эми тажик президенти Эмомали Рахмонов көз карандысыз "Азия Плюс" маалымат агенттигине лицензия алып берди.
XS
SM
MD
LG