Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

«АРНАМЫСЧЫЛАР» АКШнын ИРАКТАГЫ АРАКЕТИН КОЛДОШОТ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек АКШнын Ирактагы аракетине карата өлкөдө коомдук пикир өзгөрө баштады. Айрым саясый партиялар, коомдук уюмдар Саддам Хусейндин режимин жок кылууга багытталган АКШнын чабуулун колдоп жатышат. Алгачкылардан болуп ачык пикирин айтып чыккандардын арасында «Арнамыс» партиясы да бар. Дүйшөмбү күнү «Азаттыкка» партиянын штаб жетекчиси Эмил Алиев келип, ушул тууралуу жана абакта жаткан Феликс Куловдун ал-акыбалы жөнүндө кеңири маек куруп берди.

- Эмил мырза, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов абакта жатканына карабай Иракта болуп жаткан согушка карата өз пикирин ачык билдирди. Анын айтканына караганда, ал Американын Ирактагы аракетин колдойт. Мына ушул маселе боюнча алгач кененирээк түшүндүрмө берип кетсеңиз.

- Силердин угармандар билбейт болуш керек, биз согушту эмес, диктаторлорго, террорго каршы күрөштү колдойбуз. Өзүнүн табиятында диктатор кайсы жерде болбосун, бардык жерге эле зыян келтирет. Саддам Хусейн өз убагында Кувейтке, Иранга да кол салган. Аларга газ колдонгон. Биз бир жактуу эле болбойлу. Ошондой кишилерге биз качан болсо да каршыбыз. Ошондуктан Американын жасаган кадамдарын колдоп жатабыз. Айтмакчы, Ирак жөндөн-жөн бир убакта эле диктатордук режимге айланган эмес. Тегерегибизди карап көрсөк Орто Азияда деле ушундай болуп атат. Орто Азияда Советтер Союзу чачылгандан кийин өз алдынчалыкка ээ болгон мамлекеттер демократиялык жолдон бурулуп акырындап диктатордук режимди туу тутууда. Аны дагы эске алып азыртадан токтотуу керек, болбосо бул чөлкөмдө да кийин Ирактагыдай диктаторлук режим орноп калуу коркунучу пайда болот.

- Эмил мырза, бул эми жалпы «Арнамыс» партиясынын пикириби же партиянын айрым мүчөлөрү башка көз карашты карманабы?

- «Партиянын жалпы чечими» деп айтса болбойт. Биз бир тараптуу гана карабай, бардык учурда тең салмакта болгубуз келет. Албетте, башка жол, башка чарага макул болбогондон улам согушка чейин жетти. Биз деле өлүмдү, согушту, күч колдонгонду жактырбайбыз. Аны согушка жеткирбей, башта БУУ караган кезде, азыркы согушка каршы чыгып аткан өлкөлөр кошулганда, Америка кошулганда, Саддам Хусейнди тыят эле. Тилекке каршы алар аны жасаган жок. Дагы эле Саддам Хусейнди колдойт. Демек, алар ушуга жол берип атат. Андайга биз жеткирбешибиз керек эле.

- Эмил мырза, «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун учурдагы абалына да кызыккандар көп. Бүгүнкү күндө Феликс Шаршенбаевичтин абалы кандай?

- Феликс Шаршенбаевичтин ден-соолугу жакшы. Өзүн-өзү кармап, ал жерден спорт менен машыгып, өзүнүн режимин сактап атат. Азыркы кезде дагы эле УККнын СИЗОсунда отурат. Жакын арада түрмөгө которулушу керек эле. Бирок ал качан болот, бүгүнбү, эртеңби - биз өзүбүз билбейбиз. Себеби убактысы келип калган, эрежеси боюнча которулуш керек болчу. Мурда СИЗОдо кармап аткандын себеби - «Химсинтез» иши боюнча тергөө жүрүп аткан. Эми ал тергөөнү убактылуу токтотуп койду. Бул эки нерсени билдирет. Биринчиден, ал иш чийки экенин. Эгер сот жараяны башталса шылдың болуп калышын сезип жатышат. Экинчиси, мындай ишти илип коюу менен Феликс Куловго дагы эле кайырмак кармап турууну туура көрүп жатышкандай. Эгерде туура эмес сүйлөп, бийликке катуу акаарат келтирсе кайра ошол ишти козгоп, коркутканга болот деп ойлоп атышат. Бирок ал коркуп кала турган адам эмес. Баарына маалым, Феликс Куловду бир сот өз өкүмү менен 7 жылга, экинчиси 10 жылга эркинен ажыратты. Бирок ал эч сынбай, моюн бербей дагы эле өзүнүн акыйкаттыгын, чындыгын көрсөтүүдө.

- Азыркы учурда Феликс Шаршенбаевичтин үй-бүлөсү, анын жубайы кайда?

- Феликс Куловдун жубайы Неля, кыздары Жамиля, Деңиз Нью-Йоркто. Кызы Жамиля иштеп, аларды багып атат. Феликс Куловдун иниси Марсель да үй-бүлөсү менен Нью-Йоркто иштеп, өздөрүнүн жанын багып атышат. Бул жерге жардам бере тургандай алардын алы жетпей атат. Бул жерде эки иниси калды. Алар жумушсуз, пенсионерлер. Пенсия алып эле жанын багып жүрүшөт.

- Эмил мырза, азыркы учурда «Арнамыс» партиясынын айланасындагы ызы-чуу токтодубу?

- Ызы-чуу токтой элек, дайыма «Арнамыс» партиясы өз пикирин түз айтканы үчүн, бийлик «басып салалы, коркутуп салалы» деп ар кандай жолго барып атышат. Бул эми өзү кандай иштегенин билбеген кишилердин жасаган аракети. Деги эле биздин партиянын мүчөлөрүн коркутуп турса, алар активдүү болбой, иштебей жүрүп калат деген ойдо. Бирок андай эмес. Өзүңөр билесиңер, референдумдан кийин «биз референдумдун жыйынтыгына макул эмеспиз, референдум өтпөй калды» деп айтсак, биздин балдарды камашты. Азыр 20дан ашык бала тергөөдө жүрөт. Аларга «киши уурдадыңар» деп туруп, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажырата турган болуп коркутуп атышат. Экөөсү азыр тилкат берип эч жакка чыкпай жүрөт. Калгандары бүгүн-эртең камалып калышы мүмкүн. Бирок ал эч качан «Арнамыс» партиясынын ишин токтотпойт.

- Сиздер ижарага алып иштеп келген имараттан чыгып кеткенден берки абалыңыздар кандай болуп атат? Туруктуу дарек жок болгондон кийин партиянын иши үзгүлтүккө учураган жокпу?

- Азыр кеңсе алыш өзүнчө проблема болуп калды. Себеби мамлекетке баш ийген мекемелер бизге имарат бергенден ачык эле баш тартышты. «Андан көрө силер менен башкача сүйлөшөлү, жардам берели, бирок эч ким билбесин. Силер бизге келип отурганда, эртеси эле бизде текшерүү башталат, салык инспекциясынан, же органдын кишилери келип бизди иштетпей коет. Биз силерге имарат бере албайбыз» дешет. Ошондуктан биз бир үйдү өзүбүз ремонттоп, бүтүрүп атабыз. Аны документтештирип анан көчүп киребиз.

XS
SM
MD
LG