Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

СОГУШТАН КИЙИНКИ ИРАК ТУУРАЛУУ ТАЛКУУЛАР


Нарын АЙЫП, Прага Ирактагы согуштун аягы көрүнүп калгандыктан, дүйнө жетекчилери согуштан кийинки Ирак кантип башкарыла тургандыгын талкуулоодо. АКШ президенти Жорж Буш менен британ премьер-министри Тони Блэр бул маселе боюнча Түндүк Ирландияда жолугуп сүйлөштү. Бириккен улуттардын баш катчысы Кофи Аннан болсо Алмания, Орусия, Улуу Британия жана Франциянын жетекчилери менен жолугуу үчүн Европа мамлекеттерине аттанууда.

Иракка каршы согушту ача электе эле Америка Кошмо Штаттарынын жетекчилиги - согуш аяктагандан кийин өлкө кантип башкарыла тургандыгы жөнүндө план түзгөн. Ал план боюнча, Ирактын убактылуу администрациясын АКШнын мурдагы генералы Жей Гарнер жетектемек, бирок ал баары бир Ирактагы азыркы согушту башкарган генерал Томми Фрэнкске баш иймек. Бирок дүйнө мамлекеттери ага каршы чыгып, согуштан кийинки Иракты башкаруу маселесин Бириккен Улуттар Уюму гана чечүүгө тийиш деп чыккан жана кээ бир эксперттер америкалык сунушту колониалдык план деп да атаган. Бирок акыркы күндөрдө генерал Гарнер “мен Иракты 90 күндөн ашык башкарбайм” деп калды. Буш менен Блэр Түндүк Ирландияда жолукканда болсо, Иракты ирактыктар башкарууга тийиш деп айтылды.

Анткен менен чечиле турган маселе абдан көп. Мисал үчүн, кээ бир америкалык конгрессмендердин пикиринде, Иракка каршы согуш баштоого каршы чыккандар өлкөнүн эл чарбасын калыбына келтирүү иштерине катыштырылбашы керек. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин кээ бир мүчөлөрүнүн айтымында болсо эгер кыйраган Иракты калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар катышса, анда согушту да ал акыр аягында жактырган болуп чыгат. Бирок Бириккен Улуттар Уюму жалаң гана гуманитардык маселелерди чечип калса, анын жалпы дүйнөлүк мааниси таптакыр жоголуп кетиши мүмкүн, ошондуктан бир топ дүйнөлүк дөөлөттөр акыркы күндөрдө Иракты калыбына келтирүү иштерине Бириккен Улуттар жигердүү катышууга тийиш деген пикирге келген жана бул сунушту Улуу Британия да колдогон, ошол себептен АКШнын туруму бир кыйла жумшара баштады.

7-апрел күнү Коопсуздук Кеңеши жыйынга чогулуп, согуштан кийинки Ирактагы абалды алгачкы ирет талкуулады. Жыйында кабыл алынган чечимге ылайык, согуштан кийинки Ирактагы аракеттер кандай болбосун, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин жактыруусунан кийин гана ишке ашырылууга тийиш. Кофи Аннандын айтымында, антпегенде Ирактагы окуялар легитимдүү болбой калышы мүмкүн: "Бириккен Улуттардын катышуусу - талаптуу легитимдүүлүктү алып келет. Андай легитимдүүлүк - өлкө үчүн дагы, регион үчүн да жана дүйнөнүн башка элдери үчүн дагы керек".

Анткен менен, жүрүп жаткан согуш канчалык легитимдүү экени жөнүндө маселе ачык бойдон калууда жана Орусиянын Бириккен Улуттардагы өкүлү Сергей Лавров ал тууралуу 7-апрелдеги жыйында ачык эле айтты. Андан тышкары, Ирактын мунайын эл аралык базарга Америка Кошмо Штаттары өзү жалгыз чыгара албайт, ал үчүн сөзсүз Бириккен Улуттардын чечими керек. Үстүбүздөгү аптада Кофи Аннан Берлин, Лондон, Маскөө жана Парижге барып, Ирак маселесин талкуулайт.

Согуштан кийинки Иракты башкаруу канчалык татааал болоору азыр эле көрүнө баштады. Мисал үчүн, согуштун алгачкы күндөрүндө эле британиялык аскерлер Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарын курчоого алган жана эки аптадан бери аны толук көзөмөлдөөгө жетише албай келет. Басрага барган "Азаттыктын" кабарчысы Чарльз Рекнэйгелдин айтымында, бомбалардан талкаланган Басра университетинин имаратын кошуна жашагандар ачык эле тоной баштады, бирок аны көргөн британиялык аскерлер ага эч кийлигишпейт, анткени согуш аяктай элек жана тартип орнотуу иштерине алардын колу да жетпейт.
XS
SM
MD
LG